Аймак

КАЗАКСТАНДА МИТИНГДЕРГЕ КАТЫШКАН АКТИВИСТТЕР КАМАККА АЛЫНДЫ

КАЗАКСТАНДА МИТИНГДЕРГЕ КАТЫШКАН АКТИВИСТТЕР КАМАККА АЛЫНДЫ

 782 Бардыгы /

18-сентябрда Казакстандын Актөбө жана Чымкент шаарларында «тынч жыйындарды өткөрүү тартибин бузуу» айыбы менен бир нече активист камакка алынды. Алар августтун аягында жана сентябрдын башында өткөн акцияларга катышкан.

Чымкенттин райондор аралык сотунун чечимине ылайык, активисттер Ергали Кулыбаев, Абай Нахитов жана Нуржан Абилдаев беш суткага, Нуржан Мухаммедов – 15 суткага камалды. Алар соттун мындай чечимине макул эмес экенин билдиришти. Бирок сот тергөө маалында активисттердин күнөөсү толук далилденгенин белгилөөдө.

Аталган төрт активист тең 25-августта акцияга чыгып, бийликтен «саясий туткундарды» бошотууну талап кылышкан. Алар 15-августта митинг өткөрүү боюнча Чымкент акимчилигине кайрылып, бирок уруксат ала алышкан эмес.

Актөбөдө шаардык соттун чечими менен «тынч жыйындарды өткөрүү тартиптерин бузууга» айыпталган Берик Ногаев – беш суткага, Жакып Абылгазулы – үч суткага камакка алынды. Эки активист тең сентябрдын башында казак-кытай биргелешкен долбоорлорун ишке ашырууга каршы акцияларга катышкан.

Нур-Султандын адистештирилген райондук соту жаш активист Алтын Базарбайды он суткага камакка алуу чечимин чыгарды. Сот аны «тынч жыйындарды өткөрүү тартиптерин бузууга» күнөөлүү деп тапты. Базарбай 3-сентябрда казак-кытай ишканаларын куруууга каршы өткөн нааразылык акцияга катышкан.

Мындан тышкары Нур-Султанда 60 жаштагы Асия Каримова 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө (126 миң теңге же 327 доллар) айыппул төлөөгө милдеттендирилди. Каримованын айтымында, ал айдын башында «Казатомпром» компаниясынын 10 жылдан бери камакта жаткан мурдагы башчысы Мухтар Жакишевди бошотууну талап кылып пикет өткөргөн.

16-сентябрдан бери Алматы жана Нур-Султан шаарларында да «тынч жыйындарды өткөрүү тартибин бузууга» айыпталган активисттер административдик жоопкерчиликке тартылды. Алардын көбү 4-5-сентябрь күндөрү «кытай долбоорлоруна» каршы өткөн нааразылык акцияларына катышкан.

«Qaharman» укук коргоо уюму активисттердин кармалышын «Казакстандын демократиялык тандоосу кыймылынын жакынкы күндөргө белгиленген нааразылык акциясы менен байланыштырууда. Аталган кыймыл соттун чечими менен экстремисттик деп табылган. Анын чет өлкөдө жашап жүргөн лидери Мухтар Аблязов социалдык түйүндөр аркылуу казакстандыктарды 21-сентябрда митингге чыгууга чакырган. Казак бийлиги бул кыймыл тарабынан уюштурулган акциялардын бардыгын мыйзамсыз деп эсептейт.

Өлкө мыйзамдарына ылайык, жарандар нааразылык акция өткөрүү үчүн алгач жергиликтүү бийликтен атайын уруксат алышы керек. Бийлик уруксат берилбеген митингдин бардыгын мыйзамсыз деп эсептеп, алардын катышуучуларын административдик жоопкерчиликке тартып келет.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17