Аймак

ОРУСИЯ УКРАИНАНЫН АСКЕР КЕМЕЛЕРИН БОШОТТУ

ОРУСИЯ УКРАИНАНЫН АСКЕР КЕМЕЛЕРИН БОШОТТУ

 622 Бардыгы /

Бул тууралуу 18-ноябрда ТАСС маалымат агенттиги Орусиянын Тышкы иштер министрлигине шилтеме кылып кабарлады.

Украинанын «Бердянск» жана «Никополь» аскердик катерлери жана «Яны Капу» чиркегичи 17-ноябрда Орусиянын деңиз кароолунун коштоосунда Керч кысыгынан, «Генмола» акваториясынан чыгып кеткен.

Мунун алдында Орусиядагы жана Украинадагы бир катар басылмалар бул кемелер жакынкы күндөрү Украинага өткөрүлүп берилерин жазышкан. Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин жардамчысы Андрей Ермак катерлерди кайтаруу жараяны аягына чыгып калганын маалымдаган.

Орусия Керч кысыгы аркылуу Азов деңизине сүзүп бараткан Украинанын аскердик катерлерин мындан туура бир жыл мурда кармап алган. Кемелерде 24 аскер кызматкери болгон.

Киев Москванын бул аракетин «зомбулук актысы» деп атаган. Орусия болсо кемелер чек араны бузуп, мыйзамсыз киргенин айткан. Бул талашта Украинаны АКШ, НАТО, БУУ жана Европа Биримдиги колдогон.

Орусия украин деңиз аскерлерин ушул жылдын сентябрь айында, Украина менен туткундарды алмашкан учурунда бошоткон.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17