Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
843 Бардыгы / Акыркы эки жылда өлкөдө адам укуктарын коргоо жаатында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берген кыргызстандык делегацияга Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) мүчөлөрү сунуштарын жана каалоолорун айтышты. Кыргызстанга өз сунуштарын берген өлкөлөрдүн ичинен Ирландиянын өкүлү «2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган» деген сыяктуу бир нече оор беренелер менен айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган жалалабаддык укук коргоочу […]
844 Бардыгы / Акыркы эки жылда өлкөдө адам укуктарын коргоо жаатында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берген кыргызстандык делегацияга Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) мүчөлөрү сунуштарын жана каалоолорун айтышты. Кыргызстанга өз сунуштарын берген өлкөлөрдүн ичинен Ирландиянын өкүлү «2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган» деген сыяктуу бир нече оор беренелер менен айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган жалалабаддык укук коргоочу […]
БУУда АЗИМЖАН АСКАРОВДУ АБАКТАН БОШОТУУ СУНУШ КЫЛЫНДЫ
21.01.2020 / Автор aymak845 Бардыгы /
Акыркы эки жылда өлкөдө адам укуктарын коргоо жаатында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берген кыргызстандык делегацияга Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) мүчөлөрү сунуштарын жана каалоолорун айтышты.
Кыргызстанга өз сунуштарын берген өлкөлөрдүн ичинен Ирландиянын өкүлү «2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган» деген сыяктуу бир нече оор беренелер менен айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаровдун тагдырына кызыгып, укук коргоочуну бошотууга үндөдү. Кыргызстандагы сот тармагында жасалып жаткан иштер тууралуу баяндама жасаган Жогорку соттун судьясы Кенешбек Токтомамбетов айтылган сунуштарга жооп берип жатып, Азимжан Аскаровдун ишине токтолду. Анын айтымында, Аскаровго Кыргызстандын мыйзамдарына шайкеш өкүм чыгарылган. Ошондой эле ал Аскаровдон кассациялык арыз келип түшкөнүн, ал жакында карала турганын кошумчалады.
Сунуштардын арасында өлкөдө сөз эркиндигинин сакталышы, аялдар менен балдардын, улуттук жана жыныстык азчылыктардын, майып балдардын билим алуу укуктарын сактоо жана камсыз кылуу жаатында да айтылды.
Кыргыз делегациясын жетектеп барган тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев өлкөдөгү адам укуктарын коргоо боюнча аткарылган иштер тууралуу маалымат берип жатып буларды айтты:
– Кыргызстандагы плюрализм жана сөз эркиндиги – эгемендик жылдары жетишкен өлкөнүн өзгөчө сыймыгы. Кыргызстандагы сөз эркиндиги жана медиа каражаттары эч бир тоскоолдуксуз өнүгүп жатканын өзгөчө белгилеп коюш керек. Алардын катталуусуна жана иштешине эч кандай тоскоолдук жана кандайдыр бир мамлекеттик цензура жок. «Чек арасыз кабарчылар» уюмунун 2019-жылдын апрелиндеги рейтинги боюнча Кыргызстан 180 өлкөнүн ичинен 83-орунда турат. Өз рейтингин 15 баскычка жакшырткан.
Кыргызстан эгемендик алгандан кийин БУУнун мүчөсү катары өзүнө адам укуктарын коргоо багытында бир катар милдеттенмелерди алган. Алардын аткарылышы тууралуу жыл сайын отчёт берилип турат.
2020-жыл жаңыргандан берки кыска убакытта Кыргызстанда бир нече аял үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болду. Укук коргоочулар балдар укуктары да жетиштүү деңгээлде корголбой келе жатканын айтып келишет.
www.
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
25.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШТОГУ ООРУКАНАДА КҮН САЙЫН 300 ЧАКТЫ АНАЛИЗ ЖАСАЛАТ
-
25.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНЫН КАРАМАГЫНА ӨТКӨРҮЛГӨН АЙЫЛДАРДА “ТЕЗ ЖАРДАМ” БЕКЕР АЧЫЛАТ
-
-
18.03.2024 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫНЫН ДАГЫ 10,76 ЧАКЫРЫМЫ МАКУЛДАШЫЛДЫ
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДАГЫ ЖАЛГЫЗ СОГУШ АРДАГЕРИ АКЫРКЫ САПАРГА УЗАТЫЛДЫ
-
01.04.2024 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАДДА МЕТАН КУЮУЧУ ЖАЙ ИШКЕ КИРДИ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.