Аймак

ТООЛУУ ТОГУЗ-ТОРО МИЛИЦИЯСЫ МИГРАНТ ҮЙ-БҮЛӨЛӨРДҮН БАЛДАРЫНАН КАБАР АЛДЫ

ТООЛУУ ТОГУЗ-ТОРО МИЛИЦИЯСЫ МИГРАНТ ҮЙ-БҮЛӨЛӨРДҮН БАЛДАРЫНАН КАБАР АЛДЫ

 1,678 Бардыгы /

2020-жыл – Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына карата Тогуз-Торо РИИБнин кызматкерлери айылдарды кыдырышып, жаш өспүрүмдөрдөн кабар алышты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалым болгондой, аймактык участкалык инспекторлор, жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери, жергиликтүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен биргеликте район аймагындагы Тогуз-Торо, Атай, Көк-Ирим, Сары-Булуң айыл өкмөттөрүндөгү айылдарга барышты. Алар аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, ата-энеси миграцияда жүргөн өспүрүмдөрдүн жашоо-шарты менен таанышып, түшүндүрүү иштерин алып барышты. Ошондой эле мектептерде ата-энелер жана окуучулар менен жолугушуулар уюштурулуп, үй-бүлөлүк жана өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулуктун алдын алууга багытталган жумуштар жүргүзүлгөн. Ата-энелерге милиция тарабынан өспүрүмдөрдү ар тараптуу колдоо керектиги айтылып, аларга сабактан сырткары көзөмөл салып туруу зарыл экендиги эскертилген.

“Аймак”

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17