Аймак

ЖАЛАЛ-АБАДДА МУЗЫКА ЖУМАЛЫГЫ СТАРТ АЛДЫ

ЖАЛАЛ-АБАДДА МУЗЫКА ЖУМАЛЫГЫ СТАРТ АЛДЫ

 1,302 Бардыгы /

Бүгүн, 28-февраль Жалал-Абад маданият техникумунда “Салттуу музыка” кароо-сынагынын тандоо түрү өткөрүлдү.

Анда эпостон үзүндүлөр, белгилүү аткаруучулардын чыгармаларынан обон созушту. Ошондой эле кыргыз элибиздин улуттук аспаптарын колдо ойнотуп, комуздун коштоосунда  “Саринжи бөкөй”, “Ак бакай”, “Таң сыры”, “Өзгөчөм”, “Аттилахан” жана башка элдик күүлөр аткарылды.

Маданият жана маалымат министрлигинин буйругу менен өлкөбүздө музыка жумалыгы өткөрүлүлүп жатат. Анын негизинде биз 1-турун өткөрүп жатабыз. Жеңүүчүлөрдү областтык турга жөнөтөбүз. Андан кийин гана 3-туру апрель айында борбор калаабызда өтөт. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн колдоосуна терең ыраазычылык билдиребиз”,-деди Маданият техникумдун директору Эмил Балтагулов.

Салтанат АСИЛБЕКОВА.
Бүгүн масштабдуу сынакка тандоо туру болуп жатат. КРдин президентинин жарлыгынын негизинде, аймактарда элге таанылбай жүргөн таланттарды таап, айрыкча жаштардын өнөрүн элге тартуулоо максатында кароо-сынак башталды. Бизда шаар деңгээлинде 1-турун өткөрүп жатабыз. Азыр 30дан ашык катышуучу бар. Өнөрпоздорго ийгилик каалайбыз”,-деди Жалал-Абад шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы Салтанат Асилбекова.

      

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17