Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
1,890 Бардыгы / Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айылы Ош шаарына ирегелеш жайланышкан. Кыштак тургундарынын басымдуулугу – Токтосун жеке менчик чарбасынын мүчөлөрү. Булар айласыз эсирген жердеши Бакыт Тургунбаев алардын үлүш аянттарын экскаватору менен катарынан каздыртып, ал түгүл аңга айлантып таштагандагы үчүн мыйзам чегинде токтоосуз жоопкерчиликке тартылышын үстөккө-босток талап кылып жатышат. Ташмат АЙБАШЕВ, Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн […]
1,891 Бардыгы / Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айылы Ош шаарына ирегелеш жайланышкан. Кыштак тургундарынын басымдуулугу – Токтосун жеке менчик чарбасынын мүчөлөрү. Булар айласыз эсирген жердеши Бакыт Тургунбаев алардын үлүш аянттарын экскаватору менен катарынан каздыртып, ал түгүл аңга айлантып таштагандагы үчүн мыйзам чегинде токтоосуз жоопкерчиликке тартылышын үстөккө-босток талап кылып жатышат. Ташмат АЙБАШЕВ, Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн […]
ЭСИРГЕН БАКЫТ ТУРГУНБАЕВДИ ТЕСКЕ САЛЫП КОЮҢУЗЧУ?
05.03.2020 / Автор aymak1,892 Бардыгы /
Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айылы Ош шаарына ирегелеш жайланышкан. Кыштак тургундарынын басымдуулугу – Токтосун жеке менчик чарбасынын мүчөлөрү. Булар айласыз эсирген жердеши Бакыт Тургунбаев алардын үлүш аянттарын экскаватору менен катарынан каздыртып, ал түгүл аңга айлантып таштагандагы үчүн мыйзам чегинде токтоосуз жоопкерчиликке тартылышын үстөккө-босток талап кылып жатышат.
Ташмат АЙБАШЕВ, Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айылынын тургуну:
– Токтосун жеке менчик чарбасында он алты үй-бүлө барбыз. Ушулардын энчисине жалпы жонунан беш гектар 55 сотых жер үлүшү тийген эле. Бул аянттын эки гектар 75 сотыхы гана – суулуу аянт. Дал ушул биздин энчибиздин – менчигибиздин жер кыртышын айылдашыбыз Бакыт Тургунбаев эч кимге бир ооз айтпастан туруп экскаватору менен өзү кыдырата сүздүрүп казып, кадимки бомба түшкөндөй аңга гана айлантып таштаптыр. Ошондон бери биз үлүш тилкелерибизди таптакыр пайдалана албай келатабыз…
Мария АКМОЛДОЕВА, Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айылынын тургуну, жесир аял, майып:
– Катаал жана татааал заманда бир уул, бир кызым менен араң оокат кылып келатабыз. Бул чөлкөмдө илгери Кайырма каналы бар эле. Аны бойлото долоно, чие, бака терек, кайрагач жана тыт абдан жыш өсчү. Ээнбаш Бакыт Тургунбаев дал ошол бак-дарактардын басыдуулугун катарынан тамыры менен кыйып, өзүнүн үйүн карай узунунан жол дагы салып алыптыр. Ичим аябай тызылдаганы: дал ушул кыйылган токойду жапайы тоок, коен, түлкү, чил жана башка канаттуулар дагы туруктуу байырлашып, биздин кичинекей кыштагыбызды кадимкидей көрккө бөлөшүп, абдан ажайып дагы көрсөтүшчү. Азыр эми булардын бири дагы калган жок! Муну үчүн, жаратылышты аеосуз талкалаганы үчүн ким жооп берет, ыя?!?
Орунбү НЫШАНБАЕВА, Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айылынын тургуну, эмгек ардагери:
– Жер кыртышын одоно түрдө бузуп, кыштагыбызды моминтип эрозияга учуратып, айылыбыздын көркүн таптакыр кыйраткан ээнбаш Бакыт Тургунбаев мыйзам чегинде токтоосуз түрдө жоопкерчиликке тартылсын! Биз дал ушуну гана Кыргыз бийлигинен катуу талап кылабыз! Мына, Ош облусунун жетекчилигине бир нече ирет расмий түрдө кайрылдык. Айлабыз таптакыр эле куруганда Ош облус прокурору Бөкөнбай Казаковго дагы даттандык. Тилекке каршы, эмдигиче эч кандай жылыш деле жок! Кайра жанагыл Бакыт Тургунбаев деген неме: «И-и, колуңардан эмне келет?!?» деп бизди ачыктан ачык эле басмырлап жана келекелеп, мыйзамсыз жоруктарын дагыле үзгүлтүксүз улантып келатат.
Төлөйкөндүктөрдүн муң-зарын дыкаат тыңдагандан кийин Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айыл Өкмөтүнүн башчысы Зулпукар Мазаевдин дагы кеңсесине баш бактык.
– Төлөйкөн кыштагынын тургундары бизге дагы даттанышкан, – деп ачуу чындыкты моюндады Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айыл Өкмөтүнүн башчысы Зулпукар Мазаев.
– Андыктан, атайын адистерден куралган топ түзүп, дароо эле жөнөткөмүн. Алар Төлөйкөн кыштагын түрө кыдырып, а түгүл тургундарга бир-бирден жолугуп, баарын тең жеринде дыкаат тыңдап, өтө катуу текшеришти. Айтмакчы, атайылап каздырылган аянт тээ 2008-жылы эле Бакыт Тургунбаевге сатылып кетиптир. Муну кашайып эми гана билип олтурабыз. Мыйзамга ылайык биз бирөөнүн менчигине -үлүш жерине кожоюндук кылганга таптакыр укугубуз жок! Ага кымындай кийлигишкенге дагы дегеле мүмкүн эмес!
Деген менен Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айылынын тургандары даттануусун укук коргоо органдарына, Кара-Суу районунун жана Ош облусунун жетекчилигине дагы багытташкан. Тилекке каршы, бул тараптардан деле эмдигиче үн катыша элек. Айласы таптакыр куруган төлөйкөндүктөр өлкөбүздүн Президенти Сооронбай Жээнбековго дагы эми мынтип арыз-кайрылуу жолдоп олтурушат. Буга ак үй кандайча жооп кайтарат? Муну дагы, буюрса, өзүнчө чагылдырмакчыбыз?
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Кара-Суу району
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg БЫЙЫЛ СОГУШ АРДАГЕРЛЕРИНЕ 100 МИҢ СОМДОН ЖАРДАМ БЕРИЛЕТ
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ЧЕРНОБЫЛЬ АПААТЫНА 38 ЖЫЛ
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА 1500 ОКУУЧУ “МАНАС” АЙТТЫ
-
24.08.2023 / Автор anarkan_kg ИСАНОВ ЭМИ СУУГА ЗАРЫКТЫ
-
30.08.2023 / Автор anarkan_kg ЭҢ ЧОҢ «КӨК-АРТ» ТОННЕЛИН КАЗУУ ИШТЕРИ АЯКТАДЫ
-
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.