Аймак

ТҮРКМӨНСТАНДА САЛАМАТТЫК КҮНҮНДӨ ЭЛ ЧОГУЛГАН ИШ-ЧАРАЛАР ӨТТҮ

ТҮРКМӨНСТАНДА САЛАМАТТЫК КҮНҮНДӨ ЭЛ ЧОГУЛГАН ИШ-ЧАРАЛАР ӨТТҮ

 714 Бардыгы /

Дүйнөнүн көп бөлүгүндө коронавируска байланыштуу карантин өкүм сүрүп жатканда Түркмөнстан Дүйнөлүк саламаттык сактоо күнүн массалык иш-чара менен белгиледи.

7-апрелде жергиликтүү телеканалдар президент Гурбангулы Бердымухаммедов ат минип, чакан топ менен велосипед тээп жүргөнүн көрсөттү. Ал күнү баш калаа Ашхабадда 3500дөй адам, калган аймактарда 7 миңдей киши кыдырата тизилип веложүрүшкө чыкты. Ошондой эле өлкө боюнча жоон топ адамдын катышуусунда гимнастика, бокс жана күрөш мелдештери өткөрүлдү.

Түркмөнстанда өпкөнү сезгенткен COVID-19 вирусу расмий түрдө каттала элек. Бийлик «коронавирус» деген сөздү колдонууга, жазып, айтууга тымызын тыюу салганы кабарланган.

Өткөн аптада пандемия тууралуу коомдук жайларда сөз кылган адамдарды тартип сакчылары кармап кетип жатышканын «Азаттыктын» түркмөн кызматы билдирген эле. Ошого карабастан Ашхабадда текшерүү күчөп, өлкө ичиндеги каттамдарга чектөө киргизилген.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17