Аймак

Динара ТИЛЕКЕЕВА, ырчы: “ДОСТОРУМДУ МЕН ЫРДАЙМ, МЕНИ КӨР ДЕП ЭЭРЧИТИП КЕЛЧҮМҮН”

Динара ТИЛЕКЕЕВА, ырчы: “ДОСТОРУМДУ МЕН ЫРДАЙМ, МЕНИ КӨР ДЕП ЭЭРЧИТИП КЕЛЧҮМҮН”

 7,938 Бардыгы /

Блиц инфо:

Туулган жылы: 15.06.1985-жыл

Туулган жери:  Сузак району, Кыз-Көл айылы

Үй-бүлөдө: 5 бир туугандын экинчиси, эки кыз, үч уул

Жактырган тамагы: этти кандай болбосун (курулган,кайнатылган)

Жактырган түсү: кызыл

        

ҮЙ-БҮЛӨДӨ

Атам Маматкарим Тилекеев айыл өкмөттө иштеген, апам Үмүт Жаниева да ошол жерде эсепчи болуп иштечү. Атам эч качан жалган сүйлөбөгүлө, бирөөнүн жакшы нерсесине кызыкпа деп кулагыбызга куюп чоңойткон. Атамдын бир туугандары 5 уул, бир кыз. Ошондуктан кыз баланы сыйлаш керек, кыздарды сыйлагыла деп бир туугандарыма айтчу. Биз үч уул эки кызбыз ошого “мына эки кызым келе турган болсо, эч нерсенер жок болсо, жок дегенде чычкан союп бергиле” деп тамашалап калчу (күлүп). Атам кесиби башка болгону менен музыка аспаптарын аккордеон, гитара, комуз чертип ырдаса, апам да жакшы ырдайт. Алардын таасиринен бир туугандарымдын кесиптери башка болгону менен аспаптарды черте алышат. Ушул өнөр жолун тандаган мен эле болчум, жакындан бери иним да кошулду.Эң кичине бир тууганым Айбек Тилекеев мени менен кесиптеш болуп калды.

БАЛМУЗДАКТЫН АЙЫНАН…

Кыз-Көл айылында Дүйшөнкул Шопоков атындагы мектепте 1-3-классты окугам. Кийин Жашасын айылына көчүп келип, 3-9-классты ошол жерден окуп калдым. Мектепте сынактарга көп катышып жүрчүбуз. Ошондой сынакта Кочкор Эрматов атындагы лицей-жатак мектепке барып калдык. Ал жердин тартиби, сабактын жүрүшү, аурасы жаккан эле. Ата-энемди ыйлап жатып араңдан зорго көндүрүп, 10-11-классты ошол мектепте окуганмын.  Мен ал жерден көп нерселерди үйрөндүм. Ошентип 11-классты аяктаганча 3 мектепте окуганмын.

Мектепте окуган Динаранын азыркыдан айырмасы бар. Анда түнт, көпчүлүктү жактырбаган кыз экенимди апам айта берет. Бирок ошол маалда эле кароо-сынактар, концерттер, тамашоулар болсо катышчумун.

Жатак мектепке окуганда баары менен бир туугандай болуп каласын. Менин Элмира, Соня деген классташ кыздарым бар эле. Бир эсте калган окуяны айтып берейин. Анда биз мектепти бүтөр маалыбызда 11-класста элек Руслан деген классташымдын агалары үйлөнүш керек болуп калат. Ал биздин Элмираны жактырып калган экен. Бир күнү Соня экөөбүзгө Руслан “Элмираны көчөгө алып чыгып берсеңер балмуздак алып берем” -дейт. Анан биз балмуздакка алданып, алып чыкканбыз. Мына алып чыгып бердик, балмуздак да жедик деп мектепке келе жатсак эле “ким качырды?” деп тополоң салып жатышкан экен.“Мектептин тарыхында боло элек. Үлгүлүү кыздар силер ушундай кыласыңарбы?” деп мугалимдер урушуп, ортого салышкан. Ошол маалда биз турмуш эмне экенин билбейбиз, бала кыял экенбиз да. Ошентип түнү ата-энеси мугалимдер менен барып алып келишкен. Азыркыга чейин балмуздактын айынан Динара менен Соня экөөсү Элмираны качырып жиберишкен деп күлүшөт. Жакшы окуганыбыз менен бүтөрүбүздө жаман болуп калганбыз. Бир эстесең күлөсүң, бир эстесең неге мынча тентек болдум экен дейсиң. Орозо айында кечинде балдар жатканда, элдин баарын ойготуп жарамазан айтканбыз. Анда завуч эжекебиз “
Өзүңөр үлгүлүү окуучусуңар. Экинчи мындай кылбагыла. Эми биринчиси кечиримдүү”- деп эскерткен. Ушундай күндөр өткөн.

ЖҮРӨГҮМ ӨНӨРДҮ СҮЙӨТ ЭКЕН

Мектепти бүтүп Ош технологиялык университетинин байлыныш бөлүмүнө тапшырдым. 3-курска чейин жакшы окуп, староста болуп жүрдүм. Бирок баары бир жүрөгүм өнөрдү сүйөт экен. Өнөр жолуна тартып, 3-курсумда 2005-жылдары “Зор тамаша” тобуна ырдаганы кетип, куудул да болуп жүрдүм.

Биринчи сахнага чыкканда менден бактылуу адам болгон эмес. Анда Жалал-Абад шаарында “Зор тамаша” тобу 5 күн концерт берген. Ошондо алгачкы жолу сахнага чыккам. Анда концерт театрда болуп, мени чакырышкан. Эң жакшы көргөн көйнөгүмдү көтөрүп келип, 5 күн тең бир эле ырды ырдагам. Өзүмчө ырдаган адам болуп сүйүнүп келем. Беш күн тең беш досумду бас, мен ырдайм, мени көр деп ээрчитип келчүмүн.

“Зор тамаша” тобунан кийин, 2006-2007 жылдары Октябрь айылындагы “Достук” эстрадалык группасында иштегем. Топту Мухтар Кырбашев агай жетектеген. Агайдан мен көп нерсени, ырдаганды үйрөндүм. Андай кийин Кыргыз эл артисти Шахра Талипова менин ырдаганымда көрүп, “мен сени филармонияга алып барам, ишке киргизем”-деп сүйүнтүргөн. Ошондо сүйүнгөнүм алигиче эсимден кетпейт. Эженин сөзү менен 2007-жылы Т.Тыныбеков атындагы филармонияга ишке кирип, азыркыга чейин эмгектенип келем.

 ТҮНДӨЛӨРҮ ЫЙЛАП ОЛТУРГАН КҮНДӨР БОЛГОН

Чоң сахнага жол көрсөтүп, борборго чакырып, мага устаттык кылып келген КРдин эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева болду. Ошол эжемди устат кылып, тутунуп жүрөм. Менин эң биринчи тушоо кесүү концертиме дагы себепчи болгон Алтынай эже болот.

Сен концертиңди беришиң керек. Сендей кыздар мынтип атышат, антип атышат” деп менин намысыма тийип баштаткан. Ишти баштаган соң аябай кыйналдым. Мага окшоп баарына өзү чуркагандар үчүн концерт берүү өтө кыйын экен. Болгондо да тушоо кесүүгө өзүм чуркагам. Ошентип концертке даярдык иштери ортолоп калганда артка кайтып кетким келген.Эмнеге баштадым, койбой эле коеюн деп ойлонгом. Бирок анда кайтканга да болбой турган жерге келип калган экенмин. Ошентип түн уйкум качып, түндөлөрү ыйлап олтурган күндөр да болгон. Ал тушоо кесүү аябай жакшы өткөн, андан кийин 1-2 жылда концерт берүүнү адат кылып алдым.

ӨНӨРДҮН АРТЫНАН КӨП НЕРСЕГЕ ЖЕТИШТИМ

Өнөрдүн артынан көп чет өлкөлөргө чыгып, жакшы жерлерди көрүп, жакшы адамдар менен достошуп келем. Акыркы жолу жакында Түрксойдун эл аралык фестивалы аркылуу Стамбул, Анкара шаарларында, Румыния, Болгарияда болгон концерттерине катышып кайттым.  Жакында, буйруса дагы бир сапарым турат. 27-октябрда азыркы Нур-Султан чоң программада казактын эмгек сиңирген артиси концерт берет. Анын чакыруусу менен концертке кетип жатам.

Мен өзүмдү билгенден биле элегим көп сезгеним үчүн шакирт тарбиялаган жокмун. Бирок көп балдар-кыздарга билген кеңешимди берип, жеткен акылым менен жол көргөзүп жүрдүм. “Канча жолу айтсам да кабыл албай жатасыз, мен шакирт болюн дедим эле” дешти. Сунуштар болгондон кийин, аракет кылып көрөйүн деп ишти баштадык. Азыр бир ырчы кыз, бир ырчы бала бар. Жаңы ырлардын үстүнөн иштеп жатабыз. Күзүндө иним Айбектин тушоо кесүү концертин өткөрүп берип коеюн деп жүрөм.

ТАЗА СЕЗИМИ МЕНЕН БАГЫНТЫП АЛДЫ

Жеке жашоодо да өзгөрүү бар. Жакында эле турмушка чыктым. Ал мырзаны башында жөн эле сөз айткан адам деп басып кеткем. Мен эч ойлогон эмесмин, ушул мырзага турмушка чыгып каларымды. Бирок мени өжөрлүгү, негизи мага болгон таза сезими менен багынтып алды. Ал Оштун Кара-Суу районунун Жаңы-арык айылынан болот.

Акылай КАРАБАЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17