Аймак

КРдин ВИЦЕ-ПРЕМЬЕР-МИНИСТР ЖАНА САЛАМАТТЫК САКТОО МИНИСТРИ КЫЗМАТТАРЫНАН БОШОТУЛДУ

КРдин ВИЦЕ-ПРЕМЬЕР-МИНИСТР ЖАНА САЛАМАТТЫК САКТОО МИНИСТРИ КЫЗМАТТАРЫНАН БОШОТУЛДУ

 1,123 Бардыгы /

БИШКЕК. Бүгүн, 2020-жылдын 1-апрель күнү КРдин вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кызматтарынан бошотулду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүм маалымдады.

 Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-апрелде кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 1-бөлүгүнө, «Кыргыз , Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин 4-1-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматынан Өмүрбекова Алтынай Сейитбековна жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри кызматынан Чолпонбаев Космосбек Сариевич бошотулду.

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17