Аймак

ПАРЛАМЕНТ ӨЗГӨЧӨ АБАЛ РЕЖИМИН БУЗГАНДАРГА АЙЫП ПУЛ ТӨЛӨТҮҮНҮ ЖАКТЫРДЫ

ПАРЛАМЕНТ ӨЗГӨЧӨ АБАЛ РЕЖИМИН БУЗГАНДАРГА АЙЫП ПУЛ ТӨЛӨТҮҮНҮ ЖАКТЫРДЫ

 1,157 Бардыгы /

БИШКЕК. Жогорку Кеңештин депутаттары 1-апрелдеги кезексиз жыйында Жоруктар жана бузуулар тууралуу кодекске киргизилген өзгөртүүлөрдү экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алышты.

Ө згөртүүлөргө ылайык, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуп, ал адамдардын жапыр оору жуктуруп алуусуна алып келген учурларда жашы жете электерге 120 миң сомдон 140 миң сомго чейинки өлчөмдө айып пул салынат же 1,5-2,5 жылга эркинен ажыратылат. Ушундай эле эреже бузуу үчүн чоңдорго 260 миң сомдон 300 миң сомго чейин айып пул салынат же 2,5-5 жылга эркинен ажыратылат.

Буга чейин Бишкектин комендатурасы коменданттык сааттын эрежесин бузгандарга айып пул салынарын, республикалык штаб өзгөчө абал режимин бузгандар административдик жоопкерчиликке тартыларын кабарлаган.

Бирок 1-апрелде ички иштер министринин орун басары Памирбек Асанов өзгөчө абал режими киргизилгенден бери бир дагы адамга айып пул салынбаганын, буга жаңы кодекстерде өзгөчө абал эрежесин бузгандарды жазалоо тууралуу нормалардын жоктугу себеп болгонун билдирген.

Кыргызстанда коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында Бишкек шаары баш болгон үч шаарда жана үч райондо 15-апрелге чейин өзгөчө абал жарыяланган. Калган аймактарда өзгөчө кырдаал режими киргизилип, бир катар чектөөлөр коюлган.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17