Аймак

“АТАМ, АПАМ ЖАНА МЕН” СПОРТТУК МЕЛДЕШ

 198 Бардыгы /

Тема:             “Атам, апам жана мен” спорттук мелдеш.

Максаты;     1. Президенттин “Инсанды руханий-адептик жактан                                                       өнүктүрүү  жана дене тарбиясы жөнүндө”                                            Жарлыгын аткаруунун алкагында уюштурууу.

                        2. Ата-энелер менен мугалимдердин, мугалимдер менен                                                окуучулардын ортосундагы өз ара мамилени  бекемдейт.

3. Дени сак үй-бүлөнү камсыздоо.

Уюштурган.             Класс жетекчи жана дене-тарбия мугалими А. Азимов

  Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Райымбек Кулуев атындагы №11 жалпы орто билим берүүчү мектебинде  Президенттин “Инсанды руханий-адептик жактан өнүктүрүү жана дене-тарбиясы жөнүндөгү” Жарлыгын аткаруунун алкагында  5-а класстын ата-энелерине “Атам, апам жана мен” спорттун улуттук оюндары, класс жетекчиси А. Азимов тарабынан уюштурулду. Бул спорттук мелдешти өткөрүүнүн максаты, ата-энелер менен мугалимдердин, мугалимдер менен окуучулардын ортосундагы өз ара мамилени  бекемдейт жана дени сак үй-бүлөнү камсыздайт.Ата-энени мектепке чогулушка гана чакырып чектелбестен, кызыктуу спорттук оюндарды уюштурсак ата-энелер дагы мектеп менен тыгыз байланышта болот. Биз бул спорттук мелдешке алдын ала мектеп жетекчилиги менен макулдашып, бекиттирип жобоо даярдап ата-энелерге даярдануу үчүн жөнөткөнбуз.

          Жобоо

Спорттун түрүЖооптулар
1Кап менен секирүүКласс жетекчи Дене тарбия мугалими А. Азимов
2Аркан тартмайКласс жетекчи Дене тарбия мугалими А. Азимов
3Топ ыргытуу (Баскетбол)Класс жетекчи Дене тарбия мугалими А. Азимов
4Ордунан алыстыкка секирүүКласс жетекчи Дене тарбия мугалими А. Азимов
5Челноктук чуркоо 4*9м аралыкКласс жетекчи Дене тарбия мугалими А. Азимов
6Кыргызстандын тарыхынан суроо-жооптор.Класс жетекчи Дене тарбия мугалими А. Азимов

 Натыйжада жобоого ылайык ата-энелер арасынан активдүү катышып мектеп жетекчилиги тарабынан грамоталар жана номинациялар менен сыйланышты.

            1-орун “Үлгүлүү үй-бүлө” Айткулов Чолпонбайдын үй-бүлөсү

            2-орун “Шайыр үй-бүлө” Толобаев Баходирдин үй-бүлөсү

            3-орун “Шамдагай үй-бүлө” Махканбаев Санжардын үй-бүлөсү

            Активдүү катышкандыгы үчүн Абдукахарова Нулифар

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17