Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
2,340 Бардыгы / Чыңгыз Төрөкулович Айтматов өзүнүн «В соавторстве с землею и водою»деген китебинде жазуучулардын негизги вазепасы эмнеде экени боюнча оюн жазган эле. Ал киши акылман, ойчул, чебер жазуучу катары, мамлекеттик ишмер катары өз милдетин ашыра аткарды десек жаңылбасак керек. Ага далил катары элибиздин сыймыгы болгон замандашыбыздын 90 жылдыгын дүйнөнүн көптөгөн элдерин өз өлкөлөрүндө көптөгөн иш-чараларды […]
2,341 Бардыгы / Чыңгыз Төрөкулович Айтматов өзүнүн «В соавторстве с землею и водою»деген китебинде жазуучулардын негизги вазепасы эмнеде экени боюнча оюн жазган эле. Ал киши акылман, ойчул, чебер жазуучу катары, мамлекеттик ишмер катары өз милдетин ашыра аткарды десек жаңылбасак керек. Ага далил катары элибиздин сыймыгы болгон замандашыбыздын 90 жылдыгын дүйнөнүн көптөгөн элдерин өз өлкөлөрүндө көптөгөн иш-чараларды […]
ЧЫҢГЫЗГА ЗАМАНДАШМЫН
04.12.2018 / Автор anarkan_kg

2,342 Бардыгы /
Чыңгыз Төрөкулович Айтматов өзүнүн «В соавторстве с землею и водою»деген китебинде жазуучулардын негизги вазепасы эмнеде экени боюнча оюн жазган эле. Ал киши акылман, ойчул, чебер жазуучу катары, мамлекеттик ишмер катары өз милдетин ашыра аткарды десек жаңылбасак керек. Ага далил катары элибиздин сыймыгы болгон замандашыбыздын 90 жылдыгын дүйнөнүн көптөгөн элдерин өз өлкөлөрүндө көптөгөн иш-чараларды өткөрүп жатканын айтсак болот. Кавказ тоолорунун мөңгүлүү аска зоолорунун бир чокусуна келечекти көрө билген көсөм жазуучубуздун аты аталганын угуп кубанганыман жашып да алдым. Атаганат, уулу инсан эмгегинин үзүрүн көрүп, карылык доорун да көрүш керек эле. Өткөн айда радиодон «үй-бүлөнү пландоо» боюнча талкуу болуп, анын катышуучуларынан бир карыя адам «кыздар аларды алган жигитке, ал эми жигиттер болсо ата –энеси алып берген кызга үйлөнгөнү оң дегендей» таризде оюн айтканы орунсузраак болуп калды. Анын ордуна жаштарга табият тартуулаган шыбага- махабатты аздектеп, тең-теңиңерди таап, бири-бириңерди жактырып, кыз ала качууну унутуп, элдин салтына ылайык той өткөрүп баш кошкула десе Чыңгыздын «Жамиля» повестинин мазмунуна шайкеш келип аксакалдык калыстык болмок. Кыз ала качуунун кесепетинен Бурулайдын өмүрү кыйылды. Сүйүүдө өз укугун талашып курман болгон Бурулайды каарман катары эстеликтерин парктарга орнотуп койсок жаштарга үлгү, ошондой эле эскертүү болмок деп сунуштайт элем. «Канткенде адам уулу адам болот» деген Чыңгыздын сөзү анын бардык чыгармаларынын өзөгүн түзгөн, ошондой эле дүйнө элине туура жашоо боюнча насыйкат, ачуу чакырык , эскертүү, керез катары дайыма кала бермекчи. Чыңгыздын пикирине кошулуп, анын чыгармаларынын каармандарына карап түзөнүп, жакшырып, алп жазуучубузду даңктап жүрсөк жаман болбойбуз.
Чыңгыздын наристе кези Жалал-Абад шаарында өткөнү белгилүү. Шаардын жетекчилери анын атын шаардык университеттердин бирине ыйгарып койсо орундуу иш болмок. Мен Чыңгыздан алты жаш кичүүмүн. «Согуштун балдары» катары согуштун катаал жылдарын мектепте окуп, колхоздун жумушуна катышып, айылыбыздын Казангап, Эдигей сыяктуу жумушчуларын, мектепте Зампарбай сыяктуу балдарды көрүп чоңойгомун. Азыр пенсиядагы адаммын. Акырында алп жазуучубуздун 90 жылдык мааракесин областыбыздын жарандары татыктуу тосуп аларын каалайм.


1985- жылы Бишкектеги Жеңиш майрамы. Чыңгыздын сүйлөп жатканын тартып алгамын.
Алдыңкы сүрөттө Чыңгыз тууралуу жазылган жана башка макалалардын топтомунан турган кол китеп.
Кенжебай ИСМАЕВ, Сузак району, Октябрь кыштагы 20 –ноябрь 2018– ж.
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
-
22.04.2025 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫНА МЫНДАН АРЫ ЗЫМ ТАРТЫЛАТ
-
28.04.2025 / Автор anarkan_kg ОШТО ЖҮЗҮН ТОЛУК ЖАПКАН 300ГӨ ЖАКЫН АДАМГА КАТУУ ЭСКЕРТҮҮ БЕРИЛДИ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.