Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
3,439 Бардыгы / Жалал-Абад шаарындагы белгилүү 704-аскер бөлүгү аскерлерди даярдоодо тартиби жана шарттары менен мыктылыгын көргөзүп келишет. Аталган аскердик бөлү 1992-жылы түптөлүп, КРдин Ички иштер министрлигинин ички аскерлери болуп турган. 2014-жылдан баштап Улуттук гвардиянын курамына кирип, гвардиянын 704-аскердик бөлүгү болуп калган. Анын ичиндеги тартип, аскерлердин бир күндүк жашоосу, курал-жарагы, техникасы баарыбызга кызык. Ага улай эле аскердик […]
3,440 Бардыгы / Жалал-Абад шаарындагы белгилүү 704-аскер бөлүгү аскерлерди даярдоодо тартиби жана шарттары менен мыктылыгын көргөзүп келишет. Аталган аскердик бөлү 1992-жылы түптөлүп, КРдин Ички иштер министрлигинин ички аскерлери болуп турган. 2014-жылдан баштап Улуттук гвардиянын курамына кирип, гвардиянын 704-аскердик бөлүгү болуп калган. Анын ичиндеги тартип, аскерлердин бир күндүк жашоосу, курал-жарагы, техникасы баарыбызга кызык. Ага улай эле аскердик […]
704- АСКЕР БӨЛҮГҮНДӨГҮ АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ
19.02.2019 / Автор aymak

3,441 Бардыгы /
Жалал-Абад шаарындагы белгилүү 704-аскер бөлүгү аскерлерди даярдоодо тартиби жана шарттары менен мыктылыгын көргөзүп келишет. Аталган аскердик бөлү 1992-жылы түптөлүп, КРдин Ички иштер министрлигинин ички аскерлери болуп турган. 2014-жылдан баштап Улуттук гвардиянын курамына кирип, гвардиянын 704-аскердик бөлүгү болуп калган. Анын ичиндеги тартип, аскерлердин бир күндүк жашоосу, курал-жарагы, техникасы баарыбызга кызык. Ага улай эле аскердик бөлүк ар жылы салтка айлангандай кесиптик лицейдин студенттери жана мектеп окуучулары үчүн ачык эшик күнүн уютуруп келет. Бул жолку ачык эшиктер күнү кандай болуп өткөндүгүн сунуштайбыз.
Өткөн аптада Жалал-Абад шаарындагы 704- аскер бөлүгүндө окуучулар үчүн атайын ачык эшик күнү болду.
Ага Жалал-Абад шаарындагы мектептерден 10-11 класстарынын, балдар лицейинин окуучулары, кесиптик лицейдин студенттери катышты. Жалпы 15 мектептен 230 окуучу катышты.
Иш-чарада окуучулардын 704-аскер бөлүгүндөгү атайын техникалар жана курал-жарактар менен кенен тааныштырып чыгышты. Жоокердин бир күндүк турмушун көргөзүп, аскердик формаларын да бирден түшүндүрүштү. Бул бөлүктө казарма, спорт зал, ашканаларга чейин аскредик турмуш көсөтүлүп жана жоокерлерге өтүлгөн сабактардан дагы кыскача өтүлдү.
Окуучулар үчүн бул иш-чара патриоттук сезимди козгосо, экинчи жагынан уул балдар үчүн мекен алдында кызмат кылуу милдет экенине ынандырышты. Алар курал-жарактарга жана техникаларга кызыккандыгын билдирип, кармап көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, кызыккан суроолоруна жооп ала алышты.
“Биз көп нерселерди биле алдык. Курал-жарактарды, машиналарды да тереңден тааныштырышты. Келип көбөсөн корко берет экенсиң,көргөндөн кийин кандайдыр бир башкача сезимдер болуп, өзүңө ишенимдүү боло баштайсың. Жашыбыз жетсе, бизди аскерге келебиз деген ойлор бар. Аскердик жашоону биринчи жолу көрүп жатабыз. Бизге дагы кандайдыр бир деңгээлде даярдык десем болот.”-дейт Бабыржан Мухаммедов, окуучу.
“Бул жакта кызмат кылган аскерлерди туура чечим чыгарган деп ойлойм. Анткени бул жакта бардык ишти так, туура жасоону үйрөтөт эмеспи. Мен да бул тармакка кызыгам. Ар бир аскердин тыкандыгын көрүп, алардан үлгү алсак болот деп ойлойм. Бизге баарын көргөзүп чыгышты, шарттары жакшы экен.”- дейт Айжан Кожобекова, окуучу.
“Бүгүн байкелерибиздин жашоо шартын, турмушун көрдүк абдан жакшы таасир калтырды. Сырттан уккан сөздөрүбүз жалгандай сезилди. Анткени сыртта армияда “дедовщина” же “тамак-аш начар” деген сөздөр жүрөт, андай эмес экен. Баары эң жакшы деңгээлде өттү. Мен да байкелерди көрүп келечекте мекенге кызмат өтөйм деп өзүмө дем бере баштадым.”- дейт Айдар Равшанбеков, окуучу.
Мугалимдер бул иш-чараны колдоп, окуучулардын мекенге болгон сүйүүсүн арттырууга жана мекенчилдикке тарбиялай турган жакшы жөрөлгө экендигин белгилеп өтүштү.
“Жылда ушул ачык эшик күнү уюштурулат, окуучуларды алып келебиз. Балдарга зор таасир калтырат, себеби балдарга аскерге чейинки даярдоо сабагын өтүп жатканда дагы сурап калышат. Агай бул кандай, мындай болобу? деген сыяктуу суроолорду беришет. Булар практикалык жактан көрүшүп армияга даяр болот. Аскерге барса болот экен деп калышат. Элдер ар түрдүү айтышат, башкача пикирлер болушу мүмкүн, өз көзү менен көрүшү керек”- дейт Кубаныч Кулиев, мугалим.
“Мекенди коргоо ар бир жигиттин милдети деп билебиз. Бүгүн окуучуларды 704-аскер бөлүккө алып келдик. Аскердик бөлүктө окуучулар теориялык алган билимдерин практикалык жактан көрүп жатышат. Бирок көзүбүз жетти бул аскер бөлүк мекенди ар дайым коргоого даяр экен. Жигиттер мыкты кызмат кылып жатыптыр. Окуучулар аскерлердин күнүмдүк турмушу менен таанышып башкача сезимде болуп жатышат. Өспүрүм балдарга келечекте аскердик кесипти тандоого, аскерге барууга зор түрткү болуп берет.”-дейт Аблай Абакиров, мугалим.
Иш-чаранын өтүлүү себебин жана максатын белгилеп өтүү менен 704-аскер бөлүгүнүн командиринин өздүк курам иштөө боюнча орун басары, гвардиянын капитаны Молдогазы Алымбаев төмөнкүлөдү айтып өттү.
“Буга чейин биздин планда көрсөтүлгөндөй ар жылы ушул күн өткөрүлүп турат.. Бул иш-чаранын өткөрүлгөн себеби биздин жаш муундарды аскердин бир күндүк жашоосу менен тааныштыруу. Жаш уландарга мектепти аяктагандан кийин мекенди коргоп, армияда кызмат кылуусу жигиттик милдети экендигин көргөзүү”- дейт М. Алымбаев.
Андан сырткары аскерлер баскынчыларды кармаган көрүнүштү жана коргонуу ыкмаларын көргөзүп беришти. Учурунда тез жардам көргөзүү, курал жарактарды жана техникаларды колдонууну жолдорун үйрөтүштү.
Иш-чаранын соңунда мугалимдер аскер бөлүккө ыраазычылыгын билдирип, каалоо тилектерин айтышты. Аскерлер атайын окуучулар үчүн ырларды ырдашып жыйынтыкталды.
Акылай КАРАБАЕВА, “Аймак”
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg МИЛИЦИЯ ОКУУЧУЛАР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУДА
-
27.02.2025 / Автор anarkan_kg ОКУУЧУЛАРДЫН ПРЕДМЕТТИК ОЛИМПИАДАСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
-
06.03.2025 / Автор anarkan_kg «ЭАУнун СУЛУУСУ – 2025» СЫНАГЫ ӨТТҮ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.