Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кулактандыруу
Жалал-Абад областтык автотранспорт башкармалыгы. ТҮЗӨТҮҮ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
Жалал-Абад ОИИБи бош кызмат орундарына СЫНАК жарыялайт
НООКЕН РАЙОНДУК ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮНУН ТОКТОМДОРУ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
Сынак Сайдыкум айыл өкмөтү
Судебный департамент объявляет конкурс
КУЛАКТАНДЫРУУ (Мугалимдер керек)
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
СООДА-САТЫК
Таш-Булак айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ

ТАЖИКСТАНДА ДАЙЫНСЫЗ ЖОГОЛГОН ОМОН КЫЗМАТКЕРИНИН СӨӨГҮ ООГАН ЧЕК АРАСЫНА ЖАКЫН ЖЕРДЕ ТАБЫЛДЫ

ТАЖИКСТАНДА ДАЙЫНСЫЗ ЖОГОЛГОН ОМОН КЫЗМАТКЕРИНИН СӨӨГҮ ООГАН ЧЕК АРАСЫНА ЖАКЫН ЖЕРДЕ ТАБЫЛДЫ

 330 Бардыгы /

Бир ай мурда Хорогго бараткан жолдо дайынсыз жоголгон Тажикстан Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Атайын багыттагы милиция күчтөрүнүн (ОМОН) айдоочусу Сангали Камоловдун сөөгү табылып, жерге берилди. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти.

Маркумдун агасы Шухрат Камоловдун айтымында, инисинин сөөгү 12-июнда Пянж дарыясынын Ооганстан менен чек арага жакын жердеги жээгинде табылган.

Буга чейин Камоловдун жакындары ал 20-майда ОМОНдун кызматкерлери менен чогуу Тоолуу Бадахшан автоном облусуна кеткенин, бирок “орто жолдо дайынсыз жоголгонун” билдиришкен. Алардын айтымында, Сангали ИИМге айдоочу болуп бир жыл мурда жумушка орношкон.

23-майда “Озоди” радиосу Хорогдун укук коргоо органдарына жакын булагына шилтеме кылып, “Рушан районуна жакын жерде ОМОНдун жети жоокери дайынсыз жоголгонун” кабарлаган.

Тоолуу Бадахшандагы абал быйыл май айынын ортосунда курчуган. 14-майда Хорог шаарынын жүздөгөн тургуну митингге чыгып, Душанбе дайындаган автоном облустун башчысын жана мэрди кызматтан кетирүүнү, шаардын борбордук бөлүгүндөгү блокпостторду алып салууну, Бадахшандын тургундарын куугунтуктоону токтотууну талап кылышкан.

Көп узабай тажик бийлиги аймакта “антитеррордук операция” баштаганын, анын жыйынтыгында “сегиз жоочу жок кылынып, дагы 11и жарадар болгонун” маалымдаган. Мындан тышкары 100дөн ашык киши кармалганы кабарланган. Жергиликтүү жашоочулар каза тапкандар мындан кыйла көп экенин айтышкан.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17