Аймак

ТАШКЕНТТЕ COVID-БЕЙТАПКАНАЛАР ИШТЕЙ БАШТАДЫ, КАЗАКСТАНДА БЕТКАП РЕЖИМИ КИРГИЗИЛИШИ МҮМКҮН

ТАШКЕНТТЕ COVID-БЕЙТАПКАНАЛАР ИШТЕЙ БАШТАДЫ, КАЗАКСТАНДА БЕТКАП РЕЖИМИ КИРГИЗИЛИШИ МҮМКҮН

 1,431 Бардыгы /

Коронавирус жуктурган жарандар көбөйгөнүнө байланыштуу Ташкенттин 12 районунда COVID-19га адистешкен атайын бейтапканалар иштей баштады. Бул тууралуу 29-июнда өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

“Күнү-түнү иштей турган бул мекемелердин негизги милдети – бейтаптардан вирусту болушунча эртерээк аныктап, өз учурунда диагноз коюп дарылоо”, – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Маалыматка караганда, атайын бейтапканаларда коронавирусту аныктоо үчүн экспресс жана ПЧР-тесттерди тапшырса да болот. Мындан тышкары анда бейтаптарга биринчи жардам көрсөтүлүп, аларды тез жардам унаалары менен ооруканаларга жеткирүү, ошондой эле рентгенологиялык изилдөө жүргүзүүгө шарттар түзүлгөн.

Акыркы бир жуманын ичинде Өзбекстанда күн сайын болжол менен 100дөн кишиден коронавирус аныкталууда. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 28-июнга карата өлкөдө вирус жуктургандардын жалпы саны 240 667 кишиге жетсе, алардын 237 995и же 99% сакайып чыккан.

Ал арада Казакстандын вице-премьери Ералы Тугжанов өлкөдө COVID-19 жуктургандардын саны көбөйө берсе, беткап режими киргизилиши мүмкүн экенин билдирди.

“Эмдөөдөн өтүү – азыр негизги маселе. Азырынча кооптуу абал жок, бирок ооругандар көбөйө берсе беткап режими кайра киргизилиши мүмкүн. Азыр суткасына 100дөн кишиден вирус аныкталып жатат”, – деди ал.

Акыркы күндөрү Казакстанда коронавирус жуктургандар көбөйүп жатканы байкалууда. 30-июнь күнү эртең менен жарыяланган расмий маалыматка ылайык, өткөн суткада өлкөдө COVID-19 жуктурган 137 жаңы учур катталган. Алардын 77си Алматы, 26сы Нур-Султан шаарларында аныкталган.

Казакстандын башкы санитардык дарыгери Айжан Есмагамбетова аталган эки шаар COVID-19дун жайылуу темпи боюнча “сары” зонага жакындап калганын билдирүүдө.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17