Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
ЖАЛАЛ-АБАД АЙМАКТЫК АВТОТРАНСПОРТ БАШКАРМАЛЫГЫ ЭСКЕРТЕТ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ (II)
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кулактандыруу
Жалал-Абад областтык автотранспорт башкармалыгы. ТҮЗӨТҮҮ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
Жалал-Абад ОИИБи бош кызмат орундарына СЫНАК жарыялайт
НООКЕН РАЙОНДУК ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮНУН ТОКТОМДОРУ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
Сынак Сайдыкум айыл өкмөтү
Судебный департамент объявляет конкурс
КУЛАКТАНДЫРУУ (Мугалимдер керек)

КАЗАКСТАНДА КАРЖЫ ПИРАМИДАСЫН ТҮЗҮҮГӨ АЙЫПТАЛГАНДАРГА 20 ЖЫЛГА ЧЕЙИН ЖАЗА СУРАЛДЫ

КАЗАКСТАНДА КАРЖЫ ПИРАМИДАСЫН ТҮЗҮҮГӨ АЙЫПТАЛГАНДАРГА 20 ЖЫЛГА ЧЕЙИН ЖАЗА СУРАЛДЫ

 252 Бардыгы /

Каржы пирамидасын түзүүгө айыпталгандардын иши боюнча Актөбө шаарында өтүп жаткан сот отурумунда прокурор шектүүлөрдү узак мөөнөттөргө соттоону өтүндү.

Маалыматка караганда, мамлекеттик айыптоо “Выгодный займ”, “Гарант 24 Ломбард”, “ESTATE Ломбард”, “Нур-Али Капитал” компанияларынын негиздөөчүсү жана жетекчиси Жанболат Есиркеповду 20 жылга, анын аймактардагы бөлүмдөрүн башкарган бир нече өнөктөшүн 19 жылга жана “каржы пирамидасын түзүүгө”, “10 миңден ашык адамдын мүлкүн жана акчасын алдап алууга” айыпталган Дана Князбаеваны 12 жылга эркинен ажыратууну өтүндү. Прокурор айыпталуучуларга жаза катары сураган эң аз мөөнөт тогуз жыл болду.

Тергөөнүн версиясына ылайык, Жанболат Есиркепов баштаган 48 кишиден турган топ “17 миңден ашык казакстандыктын акчасын алдап алган”.

1-августта сотто тараптардын жарыш сөзү башталды. Прокурорлор айыптоо корутундусун үч күн окуйт деп күтүлүүдө. Бул соттолуучулар менен жабырлануучулардын көп болгонуна байланыштуу экени айтылды.

Бул иш сотто 2020-жылдын ноябрь айынан бери каралууда. Каржы пирамидасына байланыштуу жалпысынан 17 162 киши жабырлануучу деп табылган. Аларга келтирилген зыяндын суммасы 300 миллиард 220 миллион теңге деп бааланган.

Иштин материалдарына ылайык, “Выгодный займ” компаниясы Актөбө шаарында 2018-жылы түзүлүп, 2020-жылдын февралына чейин өлкөнүн Алматы, Атырау, Актау, Чымкент, Павлодар, Жаңы-Өзөн өңдүү бир катар шаарларында өз бөлүмдөрүн ачкан.

Соттолуучулар жарандарга кичи насыяларды берүү менен алектенген. Тергөөнүн версиясына ылайык, алар компаниянын эсебине 300 миң теңге салгандарга айына 35-48 пайыздан кошуп, акчасын кайра кайтарып берүүнү убадалашкан. Компания мындан тышкары жарандардан кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү, ошондой эле зер буюмдарын сатып алган.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17