Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
1,303 Бардыгы / ИИМ: Москвада Кыргызстандын жарандары бычакталып, бири каза болгон.Шектүү катары төрт кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү өз ыйгарымынын чегинде Россиянын укук коргоо органдары менен туруктуу негизде өз ара кызматташып келет. Жогорудагылардын негизинде Москва облусунун аймагында жасалган оор кылмышка тиешеси бар адамдардыаныктоо максатында биргелешкен […]
1,304 Бардыгы / ИИМ: Москвада Кыргызстандын жарандары бычакталып, бири каза болгон.Шектүү катары төрт кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү өз ыйгарымынын чегинде Россиянын укук коргоо органдары менен туруктуу негизде өз ара кызматташып келет. Жогорудагылардын негизинде Москва облусунун аймагында жасалган оор кылмышка тиешеси бар адамдардыаныктоо максатында биргелешкен […]
МОСКВАДА КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАРАНДАРЫ БЫЧАКТАЛЫП, ШЕКТҮҮ КАТАРЫ ТӨРТ КЫРГЫЗСТАНДЫК КАРМАЛДЫ
24.03.2023 / Автор anarkan_kg![МОСКВАДА КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАРАНДАРЫ БЫЧАКТАЛЫП, ШЕКТҮҮ КАТАРЫ ТӨРТ КЫРГЫЗСТАНДЫК КАРМАЛДЫ](https://aimak.kg/wp-content/uploads/bfi_thumb/-названия-9-3hng9zmgc03vwvr92m7aps.jpg)
![МОСКВАДА КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАРАНДАРЫ БЫЧАКТАЛЫП, ШЕКТҮҮ КАТАРЫ ТӨРТ КЫРГЫЗСТАНДЫК КАРМАЛДЫ](https://aimak.kg/wp-content/uploads/bfi_thumb/-названия-9-3hng9zmgc03vwvr92m7aps.jpg)
1,305 Бардыгы /
ИИМ: Москвада Кыргызстандын жарандары бычакталып, бири каза болгон.
Шектүү катары төрт кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү өз ыйгарымынын чегинде Россиянын укук коргоо органдары менен туруктуу негизде өз ара кызматташып келет. Жогорудагылардын негизинде Москва облусунун аймагында жасалган оор кылмышка тиешеси бар адамдарды
аныктоо максатында биргелешкен иш-чаралар өткөрүлдү.
2023-жылдын 22-мартында таңкы саат 04:10 кийин Россиянын Ички иштер министрлигинин Москва облусунун Красногорск району боюнча башкармалыгынын Павшино кичирайонунун полиция бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө Подмосковный бульварындагы үйлөрдүн биринин жанында эс-учун жоготкон адамдар жерде жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге полициянын кезмети жөнөтүлүп, Кыргызстандын эки жаранын бычакталган абалда табышкан. Алардын бири Чүй облусунун Сокулук
районунун тургуну 2005-жылы туулган К.уулу А. келген тез жардам
бригадасынын дарыгерлери анын окуя болгон жерден эле каза болгондугун аныкташкан. Ал эми экинчи жабырлануучу Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну 2004-жылы туулган Х.Р. аймактык ооруканага жаткырылган. Окуя болгон жерден көзөмөл камерасынын жазуусу каралып, айрым буюмдар табылып алынган. Бул факты боюнча Россия Федерациясынын тергөө комитетинин Москва облусу боюнча Красногорск шаары боюнча тергөө бөлүмү тарабынан Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси (Киши өлтүрүү) менен 30-105-беренесинин (эки же андан көп адамды өлтүрүүгө аракет кылуу) негизинде кылмыш иши козголгон. Козголгон кылмыш ишинин алкагында Россиянын ИИМдин Москва облусу боюнча кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 1-ыкчам иликтөө бөлүгүнүн Павшино кичирайонунун полиция бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү менен бирдикте комплекстүү ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында кылмышка тиешеси бар адамдар аныкталып, полицияга жеткирилген. Кармалган төрт адам тең 2003 -2002-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жарандары болушат. Ошондой эле алардан пневматикалык тапанча жана бычак табылып алынган. Алдын ала маалыматтар боюнча кылмыш чырдын негизинде жасалган. Жакында сот шектүүлөрдүн баш коргоо чарасын тандайт.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү тарабынан укук бузууларды алдын алуу боюнча иш-чаралар ар дайым жүргүзүлүп келет. Мекендештерге келген өлкөнүн мыйзамдарын сактоо зарылдыгы жөнүндө ар дайым эскертип келишүүдө. Чет өлкөдө иштеп жүргөн мекендештерибиз ар дайым өздөрүнүн кадыр-баркына кам көрүшү керек.
Биздин жарандардын катышуусундагы мындай кылмыштуу окуялар алдын алуу жаатындагы аракеттерди, анын ичинде мигранттардын коомчулугунун аракетин жокко чыгарууда.
Автор anarkan_kg
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
-
02.08.2023 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗСТАНГА ОРУСИЯ ФЕДЕРАЦИЯСЫНАН КЕЗЕКТЕГИ АЗЫК-ТҮЛҮК ЖАРДАМЫ КЕЛДИ
-
26.07.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна ТОГУЗ-ТОРО РАЙОНУНДА ЖАЙЫТТАР ЖАНА ТОКОЙЛОР ЖАКШЫРТЫЛАТ
-
-
-
-
28.03.2024 / Автор anarkan_kg Р.АБДЫКАДЫРОВДУН АМФИТЕАТРЫ КУРУЛАТ
-
03.04.2024 / Автор anarkan_kg БЕЙКҮНӨӨ САБАЛГАН БАЛА ИИМде КАДР СИСТЕМАСЫН ӨЗГӨРТТҮ
Маек
Самат МАКЕШОВ: “УЛУУ ОКТЯБРЬ РЕВОЛЮЦИЯСЫНА ЧЕЙИНКИ КАНАЛДАРДЫ ДАГЫЛЕ ПАЙДАЛАНЫП КЕЛАТАБЫЗ!”
Өзгөн району – Ош облусундагы эң чоң Аймактардын бири. Андыктан,…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.