Аймак

ОШ ЖЕРГЕСИНДЕ КАТАРАКТА ДИАГНОЗУ БОЮНЧА 300 ОПЕРАЦИЯ ЖАСАЛАТ

ОШ ЖЕРГЕСИНДЕ КАТАРАКТА ДИАГНОЗУ БОЮНЧА 300 ОПЕРАЦИЯ ЖАСАЛАТ

 588 Бардыгы /

ОШ. Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын микрохирургия бөлүмүндө Кытайдан келген офтальматологдор катаракта оорусуна кабылганрга 300 операция жасашат. Бул туурасында Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова билдирди.

          Өкмөт мүчөсү Гүлнара Баатырова кошумчалагандай, дасыккан дарыгерлер Ош облусунда ушул жылдын 18-сентябрынан тартып 28-сентябрына дейре иштешет. Ал эми операциялар «Экспресс ден соолук — Жаркын саякат» долбоорунун алкагында гана жасалат. Жарандарды алдын ала текшерүү жана каттоо жашаган жери боюнча гана жүргүзүлөт. Текшерилүүгө келген бейтаптардын жанында өздүгүн тактаган документтер, күбөлүк (пенсия, майыптыгы, баатыр эне ж.б.) сөзсүз болушу кажет!

          Ал эми суроолор боюнча бейтаптар бул номерлерге кайрыла алышат: 0999 94 95 91; 0551 68 66 17. Аталган долбоордун алкагында жалпысынан Бишкек шаарында 300, ал эми Ош шаарында 300 операция жасалмакчы.

          Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17