Аймак

ОШ ШААРЫНДА УНДУН БААСЫ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРҮҮ ЖАНА МОНИТОРИНГ ЖАРАЯНЫ КҮЧӨТҮЛДҮ

ОШ ШААРЫНДА УНДУН БААСЫ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРҮҮ ЖАНА МОНИТОРИНГ ЖАРАЯНЫ КҮЧӨТҮЛДҮ

 522 Бардыгы /

          ОШ. Кыргызстандын Т\шт\к башкалаасында ундун баасы боюнча түшүндүрүү жана мониторинг иштери кызуу улантылууда. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын маалыматына караганда. Ушул тапта унга баа дээрлик туруктуу.

          Маселен, жергиликтүү өндүрүштөгү 1-сорттогу бир кап ундун баасы 1450 сом, импорттук 1-сорттогу ун 1725 сом, ал эми эң жогорку сорттогу ундун баасы 1875 сомдон гана сатылууда. Сырттан келген ундун баасынын өсүш\ чет элдик ун чыгаруучу ишканалардагы баанын жогорулашына гана байланыштуу. Мамлекеттик матрезервде, жергиликтүү ун өндүрүүчү ишканаларда жана ошондой эле соода түйүндөрдүн кампаларында буудай, ун, күн карама майы жана кум шекердин кору жетиштүү. Ушул тапта Ош шаарына дагы 35 вагон буудай алынып келинүүдө.

          Ошентип, ун азыктарына болгон бааны жеринде көзөмөлдөө максатында Ош шаарынын мэриясынын тиешелүү кызматкерлери, салык кызматы, монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин өкүлдөрү биргеликте соодагерлер жана ун өндүрүүчүлөр арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Унга болгон баа тиешелүү кызматтардын такай көзөмөлүндө.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17