Аймак

АКЧА АЛДАП КЕТКЕН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

АКЧА АЛДАП КЕТКЕН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

 1,314 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад облустук милициясы 35 млн. сомдон ашуун акчаны алдап кеткен жаранды кармады.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей,  2023-жылдын 6-сентябрь күнү Жалал-Абад шаарынын 29 жаштагы тургуну Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2022-жылдын июнь айында  Ноокен районунун 22 жаштагы Р.С. аттуу тургуну, Россия Федерациясынан жыгач алып келип берем деп 35 158 000 сом акчасын алып, ушул күнгө чейин качып жүргөндүгүн билдирген.

Бул окуя Жалал-Абад ОИИБдин кылмыштардын бирдиктүү ресстрине  Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон. Жалал-Абад ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн  ыкчам-иликтөө  иштеринин натыйжасында  кылмыш ишине шектүү катары Ноокен районунун тургуну 2001-ж.т. Р.С. Өзбекстан Республикасынан кармалып, Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Эгерде кылмыш ишине шектелген жарандан жабыр тарткандар болсо Жалал-Абад ОИИБдин нөөмөт бөлүмүнө же 0772 70 90 00 номерине кайрылсаӊыздар болот.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17