Аймак

ОРУСИЯ ӨЗБЕКСТАНГА МУНАЙ ЖЕТКИРҮҮНҮ КӨБӨЙТҮҮНҮ ПЛАНДООДО

ОРУСИЯ ӨЗБЕКСТАНГА МУНАЙ ЖЕТКИРҮҮНҮ КӨБӨЙТҮҮНҮ ПЛАНДООДО

 2,979 Бардыгы /

Орусия Өзбекстанга мунай жана мунай өнүмдөрүнүн экспортун көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат.

Бул тууралуу Орусиянын вице-премьер-министри Денис Мантуров Москвада өткөн Орусия менен Өзбекстандын ортосундагы экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, тараптар стандартташтыруу жана метрология жаатында жемиштүү иштешүүдө. Учурда өзбек тараптын сыноо лабораторияларын модернизациялоо үчүн керектүү жабдуулардын тизмеси түзүлүүдө.

«Биз энергетика тармагындагы кызматташууга чоң маани беребиз. Биз Өзбекстанга мунай жана мунай өнүмдөрүн жеткирүүнү көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн изилдеп жатабыз», – деген Мантуров.

2024-жылы Орусия Казакстан аркылуу Өзбекстанга мунай ташууну 1 миллион тоннага чейин көбөйтүүнү пландоодо. Бул 2023-жылдагыга караганда үч эсе көп.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17