Аймак

КАРА-СУУДА ЖАРАНДЫ ИРИ СУММАГА АЛДАГАН УЮШКАН КЫЛМЫШТУУ ТОПТУН МҮЧӨСҮ КАРМАЛДЫ

КАРА-СУУДА ЖАРАНДЫ ИРИ СУММАГА АЛДАГАН УЮШКАН КЫЛМЫШТУУ ТОПТУН МҮЧӨСҮ КАРМАЛДЫ

 681 Бардыгы /

          Ош облусунун Кара-Суу районунда ири суммадагы алдамчылыкка шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу облустун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

          «Жабырлануучу арыз менен кайрылып, 2023-жылдын 24-декабрында Кара-Суу районунун аймагында өзүн Султан деп тааныштырган жаран «Корея өлкөсүнөн алынып келинген унаалардын иш кагаздарын бүтүрүп берем» деген шылтоо менен 9 миң долларын алып, изин жашырып кеткендигин билдирген», — деп айтылат маалыматта.

          Алдамчылык менен кылмыш иши козголуп, ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары мурда бири нече жолу соттолгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалып, дароо камакка алынды. Ушул тапта шектүүнүн башка кылмыш иштерине дагы тиешесин аныктоо боюнча ыкчам-издөө иштери жүрүп жатат.

          Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17