Аймак

ОШ ЖЕРГЕСИНДЕ 400 ТОННАЛЫК ЭКИ АЙЫЛ ЧАРБА ЛОГИСТИКАЛЫК БОРБОРДУ КУРУУ ПЛАНДАШТЫРЫЛУУДА

ОШ ЖЕРГЕСИНДЕ 400 ТОННАЛЫК ЭКИ АЙЫЛ ЧАРБА ЛОГИСТИКАЛЫК БОРБОРДУ КУРУУ ПЛАНДАШТЫРЫЛУУДА

 342 Бардыгы /

Кыргыз Республикасынын Пезидентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Элчибек Жантаев Эл аралык Гуд Нейборс Эл аралык гуманитардык уюмунун өкүлдөрүн жана дагы райондук администрациялардын башчыларын кабыл алды.

          Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (20 пайыз) менен эл аралык гуманитардык бейөкмөт Гуд Нейборс Эл аралык уюму (80 пайыз) 15 жылга кызматташуу келишимин түзүшүп, Кыргызстанда 4 жыл бою бир катар долбоорлорду жүзөгө ашырышты. Бул долбоорлорго Ош облусундагы 18 айылдын инфратүзүмдөрүн жакшыртуу жана өнөр жай базасын түзүү кирет. Ошондой эле алыскы Чоң-Алай жана Ноокат райондорунда 400 тонналык айыл чарба логистикалык борборлорун куруу дагы пландаштырылууда. Борборлор муниципалдык менчикте, бирок, аларды атайын кооперативдер башкарат. Долбоорлордун жалпы баасы 44 миллион долларды түзөт.

          Кыргыз Республикасынын Пезидентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Элчибек Жантаев аталган долбоорду каржылоонун 50 пайызы Кореядан, ал эми калганы Кыргызстандын Региондорду өнүктүрүү фондунан жана жергиликтүү бюджеттен бөлүнөөрүн тастыктады: – Биз бул долбоорлорду колдойбуз жана региондун алкагында мындан аркы кызматташууга умтулабыз! Биздин максат – экономикалык өсүштү стимулдаштыруу үчүн эки тараптын ресурстарын натыйжалуу пайдалануу жана жарыяланган долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырууга жана инвесторлор менен узак мөөнөттүү кызматташууга ар дайым даярбыз!

          Баса, буга дейре дал ушундай бир катар эл аралык долбоорлор үзгүлтүккө учураган. Бирок, алардын себептери ачык айтылган эмес.

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17