Аймак

ӨЗГӨНДӨ ТУРИСТТЕР ҮЧҮН ЭКИ ЖАҢЫ ЭС АЛУУ ЖАЙЫ ИШКЕ КИРИШТИ

ӨЗГӨНДӨ ТУРИСТТЕР ҮЧҮН ЭКИ ЖАҢЫ ЭС АЛУУ ЖАЙЫ ИШКЕ КИРИШТИ

 237 Бардыгы /

 Биринчиси атактуу Өзгөн мунарасынын жанында жайланышкан Туризмди өнүктүрүү фондунан билдиришти. Ал эми экинчиси Өзгөн районуна  ирегелеш Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Барпы айылында (Бишкек — Ош автоунаа жолунун боюнда) ачылды.  

Ошентип, эми Түштүк аймактарында жалпысынан төрт эс алуу борбору бар. Алар Барпы, Өзгөн, Кара-Көл жана Жалал-Абадда жайгашкан.   Эч тыныгуусуз иштейт. Аталган жайлар кышындасы жылынуучу жай сыңары дагы колдонулат. Ал жактан чай, кофе ичип, электромобиль же гаджет кубаттап, жуунуп алса дагы болот. Ар бир жайда Кыргызстандын кызыктуу жана ажайып жайлары тууралуу интерактивдүү дисплейлер бар.

Буга дейре мындай заманбап эс алуу жайларынын баары айына 5 миң сомдон кем эмес ижарага берилээри маалымдалган эле.

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17