Аймак

ОШ ШААРЫНДАГЫ БАНКТАН ИРИ СУММАДАГЫ АКЧА УУРДАГАН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

ОШ ШААРЫНДАГЫ БАНКТАН ИРИ СУММАДАГЫ АКЧА УУРДАГАН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

 735 Бардыгы /

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери Ош шаарынын аймагындагы банктардын бирине тиешелүү ири суммадагы акчаны уурдап кеткенге шектүү жаранды акыры кармашты. Мындай маалыматты Ош ШИИБнын басма сөз кызматынан тастыкташты.

          Маалыматка караганда, шектүү жигит 1995-жылы Аксы районунда туулган, Ош шаарындагы банктардын биринде акча ташуучу-курьер кызматында эмгектенген. Ушул жылдын 9-февралында ал чет өлкөдөн учуп келген убакта, Бишкек шаарындагы «Манас» аба майданынын аймагынан кармалып, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына жеткирилди. Ушул тапта тиешелүү тергөө иштери кызуу улантылууда. Буга дейре Ош шаарындагы банктардын биринин курьери банктын филиалдарынан акчаларды алып келип, банктын башкы кеңсесине алып кирип жатканда акчаларды кымырып алгандыгы айтылган.

          Ош ШИИБсынын маалыматына тансак, аталган курьер жалпы жонунан 7 миллион 500 миң рубль, 7 миң 620 евро, 11 миң 441 доллар белгисиз жагдайда жок экендигин билдирген. Ошондуктан, «Уурдоо» фактысы менен кылмыш иши козголуп, Э.Б. га дароо издөө жарыяланган. Ошентип, соңку сааттарда Ош ШИИБсынын тергөө кызматы 28 миң долларды, 2 миллион рублду мамлекетке кайтарып алгандыгын шардана кылды.

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17