Аймак

ОИИБде 2024-ЖЫЛДЫН 1-ЧЕЙРЕГИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

ОИИБде 2024-ЖЫЛДЫН 1-ЧЕЙРЕГИНИН  ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

 327 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. 15-апрель күнү Жалал-Абад ОИИБдин 2024-жылдын 1-чейрек ичинде аткарган ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы каралган ыкчам кеӊешме болүп өттү. Кеӊешмеге Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Марлис Асанов, орун басарлары, бөлүм кызматтарынын башчылары жана ШРИИБдин жетекчилери катышышты.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, коюлган негизги беш маселени кароодо бөлүм, кызмат жана ШРИИБдин башчылары доклад беришип, аткарылган иштер, жетишкендиктер белгиленип, ошону менен катар бир топ кемчиликтерге да токтолуп, аларды жоюудагы иштер жана жоопкерчиликтери каралды.

Милициянын полковниги Марлис Асанов жыйындын соӊунда ар бир жетекчиге кайрылуу менен кылмыш иштеринин сапаттуу тергелишине, оор жана өзгөчө оор кылмыштардын бетинин ачууда, алдамчылык, мал уурулук, үй-бүлөлүк зомбулуктарга, жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукка токтолуп, бул багыттарда тиешелүү жумуштарды жандардыруу зарылдыгын белгилеп өттү.

Ошону менен катар жалпы кылмыштулуктун, укук бузуулардын алдын алуу, синтетикалык баӊгизатка каршы күрөшүүнү, диний-экстремизмге каршы аракеттерди күчөтүү жана эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча бир нече талаптарды койду.

Ал эми жер-жерлердеги ШРИИБдин жетекчилерине өздүк курамга шарт түзүүдө жана кызматтык тартипти, мыйзамдуулукту сактоодо, жаш кызматкерлерге насаатчылык, окутуп үйрөтүү иштерин уюштурууну, жеке көзөмөл астында ишке ашыруу учурдун талабы экендигин белгиледи.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17