Аймак

ТАЗАЛОО ЖУМУШТАРЫ УЛАНЫП, 13 203 м3 СЕЛ КАЛДЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

ТАЗАЛОО ЖУМУШТАРЫ УЛАНЫП, 13 203 м3 СЕЛ КАЛДЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

 129 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. 20-апрелден 24-апрелге чейин нөшөрлөгөн жамгырдан улам Жалал-Абад облусунун район-шаарларында жалпы 22 сел кырсыгы катталып, 705 турак жайдын короолорун  сел суулары каптаган, 14 390 ички чарбалык жолдор, 10 ички көпүрө жабыркап, 2 турак жай авариялык абалда экени түзүлгөн комиссия тарабынан аныкталган. 

ӨКМдин Жалал-Абад облустук маалымат борбору билдиргендей, мындан сырткары Жарандык коргонуу комиссиясы материалдык чыгымдарды тактоо ишин жүргүзүшүүдө. Сел 88 гектар айдоо жерин 4750 метр сел өтүүчү каналдарды алган.

Жабыр тарткан аймактар санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматы тарабынан заласыздандырылды. Ал эми тазалоо иштеринин натыйжасында 13 203 м3 сел калдыктары чыгарылды.

Аталган аймактарда ӨКМден 32 автоунаа, 342 куткаруучу, 34 мотопомпа менен сел суулары тазаланган.

Облустук жана район шаардык ЖК кызматтарынан 903 кызматкер, 118 техника, 9 мотопомпа менен тазалоо жумуштарын алып барышты.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17