Аймак

ӨМҮР БОЮ ЭРКИНЕН АЖЫРАТУУГА СОТТОЛГОНДОРДУН ЖАЗА ӨТӨӨСҮН ЖЕҢИЛДЕТҮҮГӨ КӨМӨКТӨШКӨН КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ КАРАТА КЫЛМЫШИШИ КОЗГОЛДУ

ӨМҮР БОЮ ЭРКИНЕН АЖЫРАТУУГА СОТТОЛГОНДОРДУН ЖАЗА ӨТӨӨСҮН ЖЕҢИЛДЕТҮҮГӨ КӨМӨКТӨШКӨН КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ КАРАТА КЫЛМЫШИШИ КОЗГОЛДУ

 327 Бардыгы /

Жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын № 19 мекемесинде (мындан ары – ЖАК) текшерүү жүргүзүлдү.

КРдин Башкы прокуратурасынын маалымат катчысы билдиргендей, текшерүүдө ЖАКтын кызматкерлери кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланышып, өмүр бою эркинен ажыратууга соттолгон М.К.нын кармоо режимин бузуу фактылары бар экендигине карабастан, ага карата жазаны өтөө режиминин түрүн өзгөртүү жөнүндө сотко сунуш киргизишкен.

Натыйжада аталган сунуш сот тарабынан канааттандырылып, ал эми өмүр бою эркинен ажыратууга соттолгон М.К.нин андан ары жаза өтөө режими мыйзамсыз жеңилдетилип, мөөнөтүнөн мурда бошоп кетүүгө жол ачылган.

Аталган факты боюнча прокуратура тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын тергөө башкармалыгына жиберилди. Мындан сырткары прокуратура тарабынан мыйзамсыз кабыл алынган соттун чечимине карата апелляциялык сунуш келтирилип, кароо алдында турат.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17