Аймак

БИШКЕК-ОШ АВТОУНАА ЖОЛУНДА СЕЛДЕН УЛАМ ЖАБЫЛГАН ЖОЛ КАЙРА АЧЫЛДЫ

БИШКЕК-ОШ АВТОУНАА ЖОЛУНДА СЕЛДЕН УЛАМ ЖАБЫЛГАН ЖОЛ КАЙРА АЧЫЛДЫ

 222 Бардыгы /

Кечээ, 17-июнь күнү катуу жааган жамгырдын кеспетинен  улам Жалал-Абад облусундагы Ноокен районунда катарынан сел жүрүп, Бишкек-Ош унаа жолунун 516-517-чакырымдар аралыгында каттам үчүн кыйынчылыктар жаралган эле.

Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери атайын техникалардын жардамы аркасында жол бетиндеги сел агызган кум, шагыл, таштарды тазалап, эки тараптуу каттам жанданды. Бул туурасында Транспорт министрлигинен маалымдашты.

Ошондой эле Кочкор-Ата — Хиля — Хлоппункт (0-4-чакырымдар аралыгы), Кочкор — Майлуу-Сай автоунаа жолунун (0-6-чакырымдар аралыгы) жер кыртыштарын сел жууп кеткен. Ушул тапта буларжды кайрадан калыбына келтирүү жараяны абдан кызуу жүрүүдө.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17