Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРЛАМЕНТТЕ ЖАҢЫ ТӨРАГА ШАЙЛАНДЫ
УКМК МЫЙЗАМ ЧЕГИНДЕ ИШ АЛЫП БАРАРЫН БИЛДИРДИ
НУРЛАНБЕК ТУРГУНБЕК УУЛУ ТӨРАГАЛЫКТАН КЕТТИ
- ticket title
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
19 Бардыгы / Бүгүн, президент Садыр Жапаров бокс боюнча өзбекстандык машыктыруучу Акмаль Хасанов менен жолугушуп, Мунарбек Сейитбек уулунун жеңишине кошкон салымы үчүн ага ыраазычылык иретинде унаа белек кылды. Мамлекет башчысы Акмаль Хасанов менен болгон баарлашууда анын бул жасаган кадамы Кыргызстан менен Өзбекстан элдеринин достугун жана биримдигин даңазалаганын баса белгиледи. “Дүйнө жүзү Борбор Азия элдеринин ынтымагына, достугуна, […]
20 Бардыгы / Бүгүн, президент Садыр Жапаров бокс боюнча өзбекстандык машыктыруучу Акмаль Хасанов менен жолугушуп, Мунарбек Сейитбек уулунун жеңишине кошкон салымы үчүн ага ыраазычылык иретинде унаа белек кылды. Мамлекет башчысы Акмаль Хасанов менен болгон баарлашууда анын бул жасаган кадамы Кыргызстан менен Өзбекстан элдеринин достугун жана биримдигин даңазалаганын баса белгиледи. “Дүйнө жүзү Борбор Азия элдеринин ынтымагына, достугуна, […]
ПРЕЗИДЕНТ МУНАРБЕК СЕЙИТБЕК УУЛУНА СЕКУНДАНТ БОЛГОН ӨЗБЕКСТАНДЫК МАШЫКТЫРУУЧУГА УНАА БЕЛЕК КЫЛДЫ
11.09.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна21 Бардыгы /
Бүгүн, президент Садыр Жапаров бокс боюнча өзбекстандык машыктыруучу Акмаль Хасанов менен жолугушуп, Мунарбек Сейитбек уулунун жеңишине кошкон салымы үчүн ага ыраазычылык иретинде унаа белек кылды.
Мамлекет башчысы Акмаль Хасанов менен болгон баарлашууда анын бул жасаган кадамы Кыргызстан менен Өзбекстан элдеринин достугун жана биримдигин даңазалаганын баса белгиледи.
“Дүйнө жүзү Борбор Азия элдеринин ынтымагына, достугуна, бир бирине жан тартып турарына күбө болду. Спортту тынчтыктын элчиси деп аташат. Силер ушундай кадамыңар менен өз ара ынтымакты бекемдөөгө салым кошуп келесиңер. Мындан ары дагы ынтымагыңар бекем болсун”, – деди Садыр Жапаров.
Президент ошондой эле Париждеги Олимпиадада өзбек спортчуларынын жакшы көрсөткүчтөрүн белгиледи.
“Өзбекстан спортко өзгөчө көңүл бөлөт. Биз акыркы үч жылда гана спортчуларыбызды активдүү колдой баштадык. Мурда мелдештерге катышуу үчүн каражатты өз убагында бере албай калган учурлар болгон. Учурда мамлекет витаминдерге чейин алып берип, бардык зарыл шарттарды түзүп жатат”, — деп Мамлекет башчысы баса белгиледи.
Садыр Жапаров Олимпиаданын күмүш медалынын ээси Мунарбек Сейитбек уулу өзгөчө колдоого муктаж болуп турганда Акмаль Хасанов баатырдык иш жасаганын өзгөчө айтып өттү.
“Биздин ата-бабаларыбыз илгери баатырларына ат тартуулашкан. Азыр унааларды берүү салтка айланган, бирок салттын мааниси ошол бойдон калууда – бул деген өзгөчө кызматы үчүн урмат-сый жана ыраазычылык билдирүү”, – деп Президент кошумчалады.
Өз кезегинде Акмаль Хасанов жылуу сөздөрү үчүн Президентке ыраазычылык билдирип, Мунарбек Сейитбек уулу менен спорттук даярданууларда көп жолу жолукканын жана анын секунданты болууга эч ойлонбостон макул болгонун айтып берди.
Ал ошондой эле Президент Садыр Жапаровду жана бардык кыргызстандыктарды татыктуу жеңиши менен куттуктап, Кыргызстандын спортчулары кийинки Олимпиада оюндарында алтын медаль утуп алышын каалады.
Автор Акбермет Орозалиевна
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
-
-
13.02.2026 / Автор anarkan_kg Президент С.Жапаров: МЫЙЗАМ ЖАНА ЭЛДИН ТЫНЧТЫГЫ БААРЫНАН ЖОГОРУ
-
12.02.2026 / Автор anarkan_kg ПАРЛАМЕНТТЕ ЖАҢЫ ТӨРАГА ШАЙЛАНДЫ
-
22.02.2025 / Автор anarkan_kg УКМК ОШ ШААРЫНДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК МАҢЗАТ ТОБУНУН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ БӨГӨТ КОЙДУ
-
03.03.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА МАМЛЕКЕТТИК ТУУ ЖАНА АК КАЛПАК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
-
10.03.2025 / Автор anarkan_kg АКСЫ РАЙОНУНА ЖАҢЫ АКИМ ДАЙЫНДАЛДЫ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.