Өлкө аймактары менен кубаттуу
АКСЫДА УНАА ЖОЛДУ СЕЛ КАПТАДЫ
КАРКЫРА-МИСТЕ КАНАЛЫН ОҢДОО БАШТАЛАТ
МАНАС ШААРЫНДА ИРИ МАРАФОН ӨТТҮ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
31 Бардыгы / Ушул тапта Кыргызстандын башталгыч мектептеринде математика предмети боюнча ар түрдүү прогарммалар жана окуу куралдары кеңири колдонулат. А мындай көп түрдүүлүк башталгыч мектептин мугалиминен математикалык башталгыч курсунун теориялык негиздерин терең билүүнү жана аны окутуу жаатында мыкты усулдук даярдыкты гана талап кылат. ОшМУнун Математикалык дисциплиналар предметтик циклдык комиссиясынын төрагасы, профессор, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек […]
32 Бардыгы / Ушул тапта Кыргызстандын башталгыч мектептеринде математика предмети боюнча ар түрдүү прогарммалар жана окуу куралдары кеңири колдонулат. А мындай көп түрдүүлүк башталгыч мектептин мугалиминен математикалык башталгыч курсунун теориялык негиздерин терең билүүнү жана аны окутуу жаатында мыкты усулдук даярдыкты гана талап кылат. ОшМУнун Математикалык дисциплиналар предметтик циклдык комиссиясынын төрагасы, профессор, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек […]
Кадырберди БАЙГАЗИЕВ: “ЗАМАНБАП МЕКТЕП ҮЧҮН ОЙЛОМ ИШМЕРДИГИН АКТИВДЕШТИРҮҮ – МЕЗГИЛДИН КЕЧИКТИРИЛГИС ТАЛАБЫ!”
15.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна33 Бардыгы /
Ушул тапта Кыргызстандын башталгыч мектептеринде математика предмети боюнча ар түрдүү прогарммалар жана окуу куралдары кеңири колдонулат. А мындай көп түрдүүлүк башталгыч мектептин мугалиминен математикалык башталгыч курсунун теориялык негиздерин терең билүүнү жана аны окутуу жаатында мыкты усулдук даярдыкты гана талап кылат. ОшМУнун Математикалык дисциплиналар предметтик циклдык комиссиясынын төрагасы, профессор, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер Кадырберди БАЙГАЗИЕВ кабарчыбызга курган маегинде муну ачык эле моюндады.


– Кадырберди агай, Сиздин «Текстүү маселелерди чыгаруунун теориясы жана технологиясы» аттуу колдонмону жазууңуздун жүйөосү деги эмнеде?
– Алишер, тексттик маселелерди чыгарууну студенттерге үйрөтүү – бул математиканын башталгыч негизги жана орчундуу мазмундук тилкелеринин бири. Башталгыч мектептин болочок мугалими тексттүү маселени чыгаруунун усулу менен тааныштыруу традицияга ылайык анын кесиптик даярдыгынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
– Тилекке каршы, агай бул өңүт деле баш ооруткан көйгөйлөрдүн куру эместир?


– Ананчы! Учурдагы усулдук адабияттардан кенже мектеп окуучуларына текстүү маселелерди аткарууну үйрөтүү алардын моделдерин түзүүнүн усулу купулга толоорлук сунуштарды табуу дегеле мүмкүн эмес!
Бала эрте жашынан ойноо маалында кебинде жана сүрөт тартуу ишмердигинде кандайдыр бир обьектинин башка бир обьект менен алмаштыруу билгичтигин өздөштүрө баштагандагын илимий изилдөөлөр ырастабадыбы.
– Тексттүү маселелерди чыгарууну окуучулардын интеллектуалдык өнүгүүсүнүн көрсөткүчү сыңары сыпаттасак болобу?


– Тексттүү маселелерди чыгаруу билгичтиги – башталгыч мектепте гана түптөлүүчү негизги билгичтиктин маңызы. Анткени, кенже мектеп окуучуларынын тексттүү маселелерди чыгаруу билгичтигин алардын интеллектуалдык өнүгүүсүнүн көрсөткүчү сыңары карасак деле эч жаңылышпайбыз. Окуучулардын текстүү маселелерди чыгаруу жөнүндөгү түшүнүктөрүн толук кандуу калыптандыруу үчүн моделдештирүү эң эле маанилүү ыкма. Моделдештирүүнүн каражаты аркылуу тексттүү маселелерди чыгарууну окуучуларга такай үйрөтүү актуалдуулугун эч качан жоготпойт!
– Эмне үчүн?
– Маселелерди чыгаруу жараянында жөндөмдүүлүгү жаралат. Ал андан ары калыптанып жана ырааттуу түрдө гана өнүгөт. Ошентип, ар бир окуучу маселенин текстинен анын шартын жана талабын бөлүп алууну, кыскача жазылышын жазууну, предметтик, же графикалык моделди тургузууну, маселени чыгаруунун кадамдарынын удаалаштыгын түшүндүрүүнү, ошондой эле анын чыгарылышы тууралыгын жана жообун, албетте, туура жазууну сөзсүз билүүгө тийиш!
– Кадырберди агай, Сиз жогоруда санактаган катаал жана татаал талаптар, чындыгында, толук бойдон аткарылбайт! А мындай кырдаал олуттуу көйгөйлөрдү деле жаратпас бекен?
– Албетте, талашсыз ошентет! Мунун кесепетинен маселенин текстин талдоо туура уюштурулбайт. Предметтик, же графикалык моделдер тургузулбайт. Берилиштердин арасындагы байланыштар графикалык моделдер менен жеткиликтүү түрдө түшүндүрбөйт. Белгилүү жана белгисиз берилиштердин арасындагы катыштар графикалык моделдер менен жеткиликтүү баяндалбайт.
Ошону үчүн «Текстүү маселелерди чыгаруунун теориясы жана технологиясы» аттуу окуу куралымдын – усулдук колдонмомдун эң негизги мүдөөсү- үйрөнүүчүлөрдү тексттүү маселелердин теориясы менен тааныштыруу, үйрөтүүчүлөргө маселелердин ар кыл моделдерин тургузууну жана аларды туура пайдаланууну үйрөтүү. Үйрөнүүчүлөрдүн таанымдык активдүүлүгүн өнүктүрүү, ар бир үйрөнүүчүнүн билим берүү жараянынын активдүү катышуучусуна айландыруу, интеллектуалдык, чыгармачылык жөндөмү жана өз алдынчалыгын өнүктүрүү ар кыл моделдерди ыктуу гана пайдалануу, ар кыл тексттүү маселелерди чыгаруу көндүмдөрүн калыптандыруу, ошондой эле математика предметине кызугуусун ого бетер арттыруу.
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз
Автор Акбермет Орозалиевна
-
-
-
27.04.2026 / Автор anarkan_kg ГЕНДЕРДИК ТЕҢЧИЛИК — УКУКТУК МАДАНИЯТТЫН НЕГИЗИ
-
29.04.2026 / Автор anarkan_kg БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭМГЕКТИ КОРГОО КҮНҮНӨ АРНАЛГАН ИШ-ЧАРА ӨТКӨРҮЛДҮ
-
29.04.2026 / Автор anarkan_kg АКСЫДА УНАА ЖОЛДУ СЕЛ КАПТАДЫ
-
-
12.05.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна БАЗАР-КОРГОН ШААРЫНЫН МЭРИ БАЛА БАКЧАЛАРДЫ ТЕКШЕРДИ
-
28.05.2025 / Автор anarkan_kg ПРЕЗИДЕНТ ЧЕК АРАНЫ КОРГООДО КУРМАН БОЛГОН ЖООКЕРЛЕРДИН ЭСТЕЛИГИН АЧТЫ
-
27.06.2025 / Автор anarkan_kg ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВДУН МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ КАЙРЫЛУУСУ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.