Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
2,881 Бардыгы / 3-февраль жекшемби күнү Сузак районунун Кара-Дарыя айылында (А.Абдукаимов мектебинде) “Кара-Дарыя” жаштар коомунун кезектеги семинары уюштурулду. Аталган семинардын коногу таанымал төкмө акын Идрис Айитбаев болду. Иш-чаранын 1-бөлүгү “Кантип жакшы окуу керек?” деген теманын алкагында окуучулар үчүн болсо, “Ааламдашуу доорундагы үй-бүлө” аттуу темада ата-энелер үчүн, ал эми иш-чаранын 3-бөлүгү “Мугалимдик кесиптин жоопкерчилиги” деген темада мугалимдер […]
2,882 Бардыгы / 3-февраль жекшемби күнү Сузак районунун Кара-Дарыя айылында (А.Абдукаимов мектебинде) “Кара-Дарыя” жаштар коомунун кезектеги семинары уюштурулду. Аталган семинардын коногу таанымал төкмө акын Идрис Айитбаев болду. Иш-чаранын 1-бөлүгү “Кантип жакшы окуу керек?” деген теманын алкагында окуучулар үчүн болсо, “Ааламдашуу доорундагы үй-бүлө” аттуу темада ата-энелер үчүн, ал эми иш-чаранын 3-бөлүгү “Мугалимдик кесиптин жоопкерчилиги” деген темада мугалимдер […]
ИДРИС АЙИТБАЕВДИН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛЫНДАГЫ СЕМИНАРЫ (СҮРӨТ)
04.02.2019 / Автор aymak

2,883 Бардыгы /
3-февраль жекшемби күнү Сузак районунун Кара-Дарыя айылында (А.Абдукаимов мектебинде) “Кара-Дарыя” жаштар коомунун кезектеги семинары уюштурулду. Аталган семинардын коногу таанымал төкмө акын Идрис Айитбаев болду.
Иш-чаранын 1-бөлүгү “Кантип жакшы окуу керек?” деген теманын алкагында окуучулар үчүн болсо, “Ааламдашуу доорундагы үй-бүлө” аттуу темада ата-энелер үчүн, ал эми иш-чаранын 3-бөлүгү “Мугалимдик кесиптин жоопкерчилиги” деген темада мугалимдер үчүн өтүлдү. Семинар үч бөлүмдөн болуп, саат 12:00дө башталып, 18:30да аяктаган.
Жекшемби күнү болгонуна карабай иш-чарага окуучулар көп келген. Алар семинардан өзгөчө таасир алганын белгилешти.
“Идрис агайды чындыгында буга чейин телевизордон гана көрүп жүрөт элек. Кудай буйруп, биздин айылга келип эң сонун таасирдүү окуяларды, маанилүү сөздөрдү айтуу менен бизди жакшы окууга, ата-энебиздин, мугалимдерибиздин сөзүн угууга шыктандырып кетти десек болот. Мындай улуу инсандар менен бизди байланыштырып, жолугушууга көпүрө болуп келе жаткан “Кара-Дарыя” жаштар коомунуна ыраазычылык билдирем” – дейт, Чаңгыр-Таш мектебинин окуучусу Мавлюда Жунусбаева.
Өткөрүлүп жаткан иш-чаралар айыл эли үчүн интеллектуалык, руханий инвестиция экенин айтышат уюштуруучу топ. Алар алдыда мындай семинарлар көп болорун баса белгилешти.
“Адам өзүн күн сайын өнүктүрүп туруусу керек. Өзүн өнүктүрүүдө сөзсүз эле баарын башыңдан өткөрүп жашап көрүш шарт эмес, башка бир адамдардын басып өткөн жолунан өрнөк алып, ийгиликке болгон кадамын байсалдуу кылса болот. Өрнөктүү, эл ичинде кадыр барктуу инсандарды айылыбызга алып келип, жаштардын туура жолдо өсүүсү үчүн “Кара-Дарыя” жаштар коому атайын интеллектуалдык инвестиция тартып келет. Бул жолку семинарда аты Алайга, даңкы далайга кеткен, Кыргызстанга эле эмес, Азия чөлкөмүнө белгилүү, беш тилде эркин сүйлөп гана тим болбостон, ошол тилдерде куюлуштуруп төккөн, төкмө акын Идрис Айитбаев куттуу Кара-Дарыя айылында конокто болду.
Иш-чара кыска мөөнөттө уюштурулуп калса да, өзүн өнүктүргүсү келген жаштар, баласынын келечектеги ийгиликтүү жашоосу үчүн аракет кылган ата-энелер жана да келечек ээлерине татыктуу билим берүүнү самаган мугалимдер келишти. Жараткан биздин кылган аракетибизди текке кетирбей, семинарга келген коноктордун айткан сөздөрүн жугумдуу кылгай.
Буюрса биз жаш болсок да айылдын өнүгүүсү үчүн келечек ээлерине колдон келишинче, маданий, руханий жана да интеллектуалдык жактан инвестиция тартканы аракет кыла беребиз»– дейт Ысхак Мадимаров «Кара-Дарыя» жаштар коомунун төрагасы.
Кошумчалай кетсек, И.Айитбаев англис тилчи мугалим. Учурда кыргыз, англис, өзбек, орус жана түрк тилдеринде эркин сүйлөйт. 2017-жылы Өзбекстандын президенти эки элдин ынтымагына кошкон салымы үчүн унаа жана турак үй белек кылган.








































Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”
Автор aymak
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБдин БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ КАРМАЛДЫ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg «АРИЕТ» БОРБОРУНДА ОКУУЧУЛАРГА ДЕМ БЕРГЕН ЖОЛУГУШУУ КЕЧЕСИ ӨТТҮ
-
25.04.2025 / Автор anarkan_kg АЛАЙКУУ ЖОЛУ – КЫЯМАТТЫН КЫЛ КӨПҮРӨСҮНДӨЙ
-
08.05.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна ТОО КОЙНУНДАГЫ БОРБОРДО
-
26.05.2025 / Автор anarkan_kg БҮГҮН МЕКТЕПТЕРДЕ АКЫРКЫ КОҢГУРОО КАГЫЛАТ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.