Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
2,522 Бардыгы / Ош шаарына караштуу Манас Ата кичи районунда жайланышкан “Ак мөөр” үй-бүлөлүк жатаканасында 83 үй-бүлө, ал эми жалпысынан беш жүзгө чукул киши баш калкалайт. Алар Ош шаарындагы сот аткаруу кызматынын өкүлдөрү турак жайды токтоосуз түрдө бошотууну талап кылышып, анан дагы күч колдонушкандыктан, бийликке баш ийбөө акциясын токтотушуп, акырында ачкачылык жарыялашты. Буга улай айрымдары Ош […]
2,523 Бардыгы / Ош шаарына караштуу Манас Ата кичи районунда жайланышкан “Ак мөөр” үй-бүлөлүк жатаканасында 83 үй-бүлө, ал эми жалпысынан беш жүзгө чукул киши баш калкалайт. Алар Ош шаарындагы сот аткаруу кызматынын өкүлдөрү турак жайды токтоосуз түрдө бошотууну талап кылышып, анан дагы күч колдонушкандыктан, бийликке баш ийбөө акциясын токтотушуп, акырында ачкачылык жарыялашты. Буга улай айрымдары Ош […]
“АК МӨӨР” ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЖАТАКАНАСЫН БАЙЫРЛАГАНДАР АЧКАЧЫЛЫК ЖАРЫЯЛАШЫП, ОШТОН БИШКЕКТИ КАРАЙ ЖӨӨ ЖҮРҮШ БАШТАШТЫ
22.07.2019 / Автор anarkan_kg

2,524 Бардыгы /
Ош шаарына караштуу Манас Ата кичи районунда жайланышкан “Ак мөөр” үй-бүлөлүк жатаканасында 83 үй-бүлө, ал эми жалпысынан беш жүзгө чукул киши баш калкалайт. Алар Ош шаарындагы сот аткаруу кызматынын өкүлдөрү турак жайды токтоосуз түрдө бошотууну талап кылышып, анан дагы күч колдонушкандыктан, бийликке баш ийбөө акциясын токтотушуп, акырында ачкачылык жарыялашты. Буга улай айрымдары Ош шаарынан өлкөбүздүн башкалаасы Бишкек шаарына карай жөө жүрүшкө аттанышты.
– Ыя, айланайындар! Булар жок дегенде кудайдан коркушпайбы, эй? Ош шаарынын мэриясы “Ак мөөр” үй-бүлөлүк жатаканасынын жашоочулары менен бир ооз кеңешип-таңашпастан, сыртыбыздан тон бычыптыр. Бизди, жатакана жашоочуларын, ачык аукционго бир дагы катыштырбастан туруп эле Убайдылда Бидинов деген шылуунга соодалап ийишиптир. Ошентип, 2003-жылдан бери Ош шаарынын сот аткаруу кызматы бизге таптакыр күн көрсөтпөй мукуратты, – деп ыраса тызылдады алтымыш сегиз жаштагы Күмүш ЧЫМБАЕВА.
– Биз өзүбүз жашаган бөлмөлөрдү мыйзам чегинде эле менчиктештирип алганбыз. Маселен, мен экинчи топтогу майыпмын. Төрт балам бар. Бул жерде он сегиз жылдан бери туруктуу жансактайбыз, – деп көзүн жаштады “Ак мөөр” үй-бүлөлүк жатаканасынын дагы бир тургуну Султанбай РАЙЫМЖАНОВ. – Кырдаал барган сайын курчуп жатат. Өзүбүз бала-чакабыз менен чеп болуп, сот аткаруучуларды жатаканабызга күнү-түнү эч жолотпостон моминтип дагыле тирешип турабыз. Чыдоонун дагы чеги болот эмеспи, эй! Биз бул кордуктарды эми көпкө создуктурбастан, керектүү башка каршылыктарды дагы көрсөтмөкчүбүз. Башка аргабыз калган жок!
– Чыдаган бизчелик болоттур! – деп кепке кошулду “Ак мөөр” үй-бүлөлүк жатаканасынын дагы бир жашоочусу Тургун МОЙДУНОВА. – Жатаканабызды бизге айтпай сыртыбыздан эле аукциондо сатып алган ишкер Убайдылда Бидинов менен жатакана өкүлдөрү жолуккканбыз. Сүйлөшүү маалында ал биздин шартыбызга таптакыр көнбөстөн, жашоочулардан тээ асмандагы бааны сурап туруп алды. Биз, жатакана тургундары сунуш эткен жыйырма миллион сом – ырыскысын дагы тээп атат. Бул шылуун эгерде ушул жерге көп кабаттуу үй курса, андан дагы көп акча – пайда табат экен. Акыбалыбызды ушунча жылдан бери билип туруп, Ош шаарынын мэри бизге бир жолу басып келген жок! Дартыбызды тыңдап, муңубузду укканга жарабады. Албетте, арданасың… Айлабыз таптакыр куругунда моминтип ачкачылык жарыялап, а айрымдарыбыз Ош шаарынан башкалаабыз Бишкекти карай жөө жүрүшкө аргасыздан аттандык. Президентибиз Сооронбай Жээнбеков кокус жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу биздин үнүбүздү укса, бей-бечараларды бир кабыл алып, муң-зарын сөзсүз тыңдап, калпыс чечимдерге акыры чекит коер???
Ошентип, колдоруна “Пулга сатылган сотторго-наалат, каргыш! Буларды элдин убалы урсун! Омийин!”, “Биз соттор сураган акчаны бере албадык. Ошондуктан, жыйырмы жылдан бери кордук гана көрүп, катуу азап чегип келатабыз”, “Президент! Өкмөт! Парламент! Жогорку Сот! Элдин муңун угуп койгулачы???????” деген жазууларды көтөрүшкөн жоон топ Ош шаарынан башкалаабыз Бишкек калаасын карай аттанышты. Деги булардын үнү өлкө жетекчилерине бул ирет жетээр бекен?
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
05.12.2024 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРО РАЙОНДУК МИЛИЦИЯСЫНА ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ ДАЙЫНДАЛДЫ
-
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.