Аймак

«МЕДИА ӨНҮКТҮРҮҮ БОРБОРУ» КУЛЧУМАНОВГО БАЙЛАНЫШТУУ ТЫНЧСЫЗДАНУУСУН БИЛДИРДИ

«МЕДИА ӨНҮКТҮРҮҮ БОРБОРУ» КУЛЧУМАНОВГО БАЙЛАНЫШТУУ ТЫНЧСЫЗДАНУУСУН БИЛДИРДИ

 727 Бардыгы /

 «Медиа өнүктүрүү борбору» коомдук фонду Ош шаарында «Азаттыктын» кызматкери кол салууга кабылып, жабдууларынын каракталышын жалпыга маалымдоо каражаттарына көрсөтүлгөн кысым катары баалады.

Уюм ушул өңүттө билдирүү таратып, бул жагдай «Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө» мыйзамга каршы келерин эскертти.

Аталган мыйзамга ылайык, журналисттин коомдун кызыкчылыгын туудурган, жарандардын укуктарына, эркиндигине жана мыйзамдуу таламдарына тиешелүү маалыматка жетишине чек коюуга жол берилбейт. Журналисттин кесиптик укуктары, ар-намысы жана кадыр-баркы мыйзам тарабынан корголо турганы белгиленген жана сын материалдарды даярдаганы үчүн журналист куугунтукка алынбашы керек.

«Медиа өнүктүрүү борбору» коомдук фонду «Азаттыктын» кызматкери кабылган окуя укук коргоо органдары тарабынан кылдат текшерилип, тиешелүү баа берилерине үмүт артарын кошумчалаган.

28-сентябрда Ош шаарында «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчуманов телеберүү тартып жүргөндө күтүүсүздөн пайда болгон олбурлуу жигиттер анын артынан келип уруп, колундагы техникасын, документтерин жана ал түшүп жүргөн автоунаанын ачкычын тартып алышкан. Андан соң опузалап, «Райымбек Матраимовдун үйүн тартууга ким тапшырма берди?» деп суракка алышкан.

«Азаттыктын» журналистинин арызынын негизинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Жазык кодексинин 201-беренесинин 4-пунктунун («Адамдар тобу тарабынан жасалган өзгөчө ири өлчөмдөгү каракчылык») негизинде кылмыш ишин козгоду.

Ошол күнү кечки сегиздер чамасында тартып алынган техниканы үч жигит жактоочусу менен кошо милицияга алып келген. Алардын адвокаты журналисттерге комментарий берүүдөн баш тартты.

Милиция журналисттин видео тартчу техникасын тартып алган экинчи тарап да арыз жазганын билдирди. «Азаттык» Райымбек Матраимовдун бул окуяга тиешеси бар же жогун өзүнөн азырынча тактай алган жок.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17