Өлкө аймактары менен кубаттуу
АКСЫДА УНАА ЖОЛДУ СЕЛ КАПТАДЫ
КАРКЫРА-МИСТЕ КАНАЛЫН ОҢДОО БАШТАЛАТ
МАНАС ШААРЫНДА ИРИ МАРАФОН ӨТТҮ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
1,181 Бардыгы / Тажикстанда бир катар журналисттик жана коомдук уюмдар, ошондой эле ондогон басылмалардын кызматкерлери камакка алынган журналист Далер Шарифовду колдоп чыгышты. Алардын 3-февралда жарыяланган биргелешкен билдирүүсүндө парламенттик жана президенттик шайлоонун алдында журналисттин камакка алынышы — Тажикстандын эл аралык имиджине олуттуу сокку болушу мүмкүндүгү белгиленген. Билдирүүнүн авторлору бийликти тергөө аяктаганга чейин Шарифовду үй камагына чыгарууга, ишти […]
1,182 Бардыгы / Тажикстанда бир катар журналисттик жана коомдук уюмдар, ошондой эле ондогон басылмалардын кызматкерлери камакка алынган журналист Далер Шарифовду колдоп чыгышты. Алардын 3-февралда жарыяланган биргелешкен билдирүүсүндө парламенттик жана президенттик шайлоонун алдында журналисттин камакка алынышы — Тажикстандын эл аралык имиджине олуттуу сокку болушу мүмкүндүгү белгиленген. Билдирүүнүн авторлору бийликти тергөө аяктаганга чейин Шарифовду үй камагына чыгарууга, ишти […]
ТАЖИКСТАНДА БИР КАТАР УЮМДАР ЖУРНАЛИСТ ШАРИФОВДУ ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫГАРУУНУ ӨТҮНҮШТҮ
04.02.2020 / Автор aymak

1,183 Бардыгы /
Тажикстанда бир катар журналисттик жана коомдук уюмдар, ошондой эле ондогон басылмалардын кызматкерлери камакка алынган журналист Далер Шарифовду колдоп чыгышты.
Алардын 3-февралда жарыяланган биргелешкен билдирүүсүндө парламенттик жана президенттик шайлоонун алдында журналисттин камакка алынышы — Тажикстандын эл аралык имиджине олуттуу сокку болушу мүмкүндүгү белгиленген. Билдирүүнүн авторлору бийликти тергөө аяктаганга чейин Шарифовду үй камагына чыгарууга, ишти объективдүү иликтөөгө жана сөз эркиндигин кепилдеген бардык нормаларды сактоого чакырышты.
Билдирүүнүн алдына 35 журналист, Тажикстадын көз карандысыз ЖМКларынын улуттук биримдиги, ошондой эле «Хома» («Калем»), Жарандык эркиндик кеңсеси, «Укук дүйнөсү», «Адам укугу жана мыйзамдуулуктун сакталышы», «Перспектива+» коомдук уюмдары кол коюшкан.
Азырынча бийлик бул өтүнүчтөргө жооп бере элек.
Далер Шарифов 28-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке суракка чакырылгандан кийин камакка алынган. Ошол эле күнү милиция журналисттин Душанбе шаарындагы үйүндө тинтүү жүргүзүп, анын компьютерин жана бир нече китебин алып кеткен. 30-январда Душанбенин Исмоили Сомони райондук соту аны эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.
Шарифов «Улут, раса жана дин аралык кастыкты козутту» беренеси боюнча айыпталууда. Эгер сот аны күнөөлүү деп тапса, ал беш жылга чейинки мөөнөткө соттолушу мүмкүн.
Тажик Башкы прокуратурасынын маалыматына караганда, Шарифов 2013-2019-жылдар аралыгында диний кастыкты козуткан экстремисттик мүнөздөгү 200дөн ашык макала жарыялаган. — Мындан тышкары 2019-жылы июнда жашыруун иштеген басмаканада мыйзамсыз 100 нуска трактат чыгарган. Диний экспертизанын корутундусуна ылайык, ал көптөгөн өлкөлөрдө террористтик деп табылган «Мусулман агайыңдар» кыймылынын контекстинде иштелип чыккан, — деп жазылган прокуратуранын билдирүүсүндө.
Бирок Далер Шарифов менен өлкөдөгү журналисттик уюмдар бул айыптоолорду четке кагышууда. Алардын айтымында, журналист дин темасында сабаттуу болгондуктан, дайыма экстремизм менен терроризмге каршы чыгып келген.
Далер Шарифов мурда мамлекеттик «Сафина» телеканалында эмгектенген. Акыркы жылдары ишкерлик менен алектенип, бирок расмий түрдө эч жерде иштеген эмес. Журналист социалдык түйүндөргө жарыялаган сынчыл көз караштагы макалалары менен белгилүү.
www.
Автор aymak
-
-
-
27.04.2026 / Автор anarkan_kg ГЕНДЕРДИК ТЕҢЧИЛИК — УКУКТУК МАДАНИЯТТЫН НЕГИЗИ
-
29.04.2026 / Автор anarkan_kg БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭМГЕКТИ КОРГОО КҮНҮНӨ АРНАЛГАН ИШ-ЧАРА ӨТКӨРҮЛДҮ
-
29.04.2026 / Автор anarkan_kg АКСЫДА УНАА ЖОЛДУ СЕЛ КАПТАДЫ
-
-
31.12.2025 / Автор anarkan_kg ЭСКИ ЖЫЛДАГЫ ИЙГИЛИКТЕР, ЖАҢЫ ЖЫЛГА КААЛОО-ТИЛЕКТЕР
-
05.02.2026 / Автор anarkan_kg №13 ШАЙЛОО ОКРУГУНДА ШАЙЛООГО КАРАТА КЕҢЕШМЕ ӨТТҮ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.