Аймак

АРАК ИЧСЕҢ – АБАЙЛА, КЕЛИНДЕР ШОРУҢДУ КУРУТАТ

АРАК ИЧСЕҢ – АБАЙЛА, КЕЛИНДЕР ШОРУҢДУ КУРУТАТ

 1,698 Бардыгы /

                        (Болгон окуя)

2013-жыл жайдын аптап күндөрүнүн биринде айтылуу Аксы районундагы Ак-Суу айылында сырдуу бир окуя болот.

Ал адам өзүбүз менен бирге жүргөн жолдоштордон эле. Жумуштан кийин кээде ак молдодон сеп этип алчу. Ошол күндөрдүн биринде жоро-жолдоштору менен жумалап бөтөлкөнүн ичине түшүп алган. Үй жумуштарына да көңүл бөлбөй эркине алы жетпей калат. Ошол күндөрдүн биринде жайдын түнүндө ай жарык, түнкү макулуктар жортуп жүргөн. Эл бейпилчиликте уйкуда жаткан. Мына ушул түнү ойдо жок окуя башталат. Абжал тапчанда өзү жалгыз эшикте уктап жатса, жүрөктүн үшүн алган түн ортосунда өкүрүк чыгат. Ал чоочуп ойгонуп турса, жогорку көчөдөгү туугандарынын биринин үйүнөн өкүрүк чыгып жатканы угулат. Ага бирөө «Акылбек өлүп калыптыр»- деген кабар берет да тынчын калат. Оюнда эчтеке жок ошол үйгө барат. Бирок ал жакка барганда светтери өчүк, таң калат. Элдин баары уйкуда тынчтык өкүм сүрөт. Абжал таң калган боюнча үйүнө келет. Бир аз жаткандан кийин дагы өкүрүк чыгат. Чыдай албай кайра барат. Жакыныраак коргонуна чейин кирип барып, колундагы фонаригин күйгүзсө өчүк болот. Кайра өйдө көтөрсө күйүп турган болот. Мына ошол замат шектенип үйдү  көздөй жөнөйт. Өзүнүн үйүнө бурула бериш жерде кимдир бирөө жандап басып келе жаткандай сезилген үн чыгат.

-Сен кимсиң -деп Абжал артына бурула берет. Бирок эч ким жок болот, денеси  дүрүлдөп өзүнчө коркунуч туулат. Кайра ордуна келип уйкусу келбей жатканда кошунасы Кубанычбек агай тараптан топ аялдар көрүнөт. Келе жаткан аялдарды карап ордунан козголуп дубалга сүйөнүп отура калат. Аңгыча алар чоң жолго салбай түз короодон эгилген жүгөрүнү шатыратып аралап эшиктин алдына кирип келишет. Туура эле чоң үйүн көздөй жөнөшөт. Бир убакта бир аял «ал тапчанда жатат» дейт. Кайрылып келишет. Абжал ордунан тура калып жүткүнгөн бойдон жылбай калат. Эки ити жаны калбай тапчанды тегеренип үрүп калышат. Иттин көзү ачык демекчи, иттер дагы бир нерсени сезгендей болот. Баягы аялдар келгенден баштап Абжалды коркутуп:

– Намаз окуйсуңбу же арак ичесиңби -деп айласын алты кылат.

-Мен намаз билбейм- дейт ал. Жан арга кылып, сөзү  жок эле намазга жыгылып тура берет. Жаткан төшөк кийиздерди чаңытып ортого үйүп салганын билбейт. Алар ошентип таңга маал саат беш болуп короздор кыйкырганда гана аялдар көздөн кайым болушат. Ага чейин Абжалдын кулагына бир нерсе кирип- чыкпай аны кулагы менен башкара берет. Бир нерсе десе эле кулакка сайып айласын кетирет. Мына ушинтип таң атып биринчи күнү өтөт. Эмне кылышын билбей отурганда эсине сарайдагы жалгыз эчкиси келет. Сарайга кирейин десе бир нерсе киргизбей бутун шилтентпей коёт. Болбой эптеп кирип алып чыгат. Ал ошентип өзү менен өзү сүйлөшүп жүрө берет. Келини да таң калат. Кеч кирер замат баягы аялдар пайда болот да айнектен караша берет. Үйдүн айбанчасында келини менен олтурса алар ар нерсени сүйлөп тийише башташат. Абжал аларга “балдар коркот, жөнгүлө” десе болбой үйдүн айбанчасынын тактайынан кирип келип светти өчүрүшөт. Абжал светти күйгүзүп кой, эмне өчүрүп жатасың дегенде кайра күйгүзүп коюшат. Келини коркуп кетип үйгө кирип кетет. Билгизбегенге аракет кылат, бирок тигил аялдар ээрчип алышат. Аңгыча кичине кызы келип ата мышык шкафка тууп коюптур, кийимдерди алалы десек пышылдап жатат дегенде туруп үйгө кирсе, баягы аялдар айнектен карап турушат. Аялдар арам, кир, сасык жыттарды жаман көрүшөт экен. Ошон үчүн сарайга киргизбей шкафтан мышыктын балдарын алдырбай жаткан тура.                                                                                                                               Кечинде дагы келип терезеден намаз окуу деп ишарат кылышат. Эптеп намаздын сөзүн билбей жыгылып тура берет. Эртең менен туруп буудай орууга даярданып кап керек болуп сарайга кирейин десе, бутун бастырбай кире албай кыйналат, такыр киргизбейт.

-Мени машине күтүп жатат. Буудайга барышым керек коё бергиле деп жалдырайт.  Болбой титиреп- калтырап жатып, арбашып капты алмак болот. Капты алайын дегенде чычкан жыттанып кускусу келип окшуп араң тогуз капты алып чыгат. Буудайга жөнөп жатса баягы аялдар кошо жөнөмөк болушат. Бирок Абжал аялдардан суранат, силер барбай эле койгулачы иш кылдырбайсыңар деп кадимкидей сүйлөшөт. Жок сага тийишпейбиз ишиңди кыла бер деген менен ал жакта дагы кытыгылап анча ишине тоскоол болот. Эптеп эл менен кошо буудайды жарым жартылай каптап келет. Бирге баргандар буга эмне болгон, ооруп калганбы деп өздөрүнчө сүйлөшкөндөрүн угат. Ал аялдар тазалыкты сүйгөн таза периштелер көрүнөт. Барыбир аялдар тынчын ала берет.

Кошунасы Туту молдого барат. Мага дем салып берип койчу, деп айтып кайра үйүн көздөй баса берет. Аркасынан Туту теспесин көтөрүп сен баланчанын урпагысын, мен түкүнчөнүн урпагымын деп көптөгөн сөздөрдү айтып келет. Булактын суусунан алдырып дем салып Абжалга берет. Дем салып отуруп Туту молдо теспесин жоготуп алат. Баары издешип таппай коюшат. Таң калышат. Ошентип теспеси жок үйүнө келсе, теспе үйүндө илинип турган болот. Көрсө баягы Абжал менен кошо жүргөн аялдар теспени уурдап үйүнө алып келишип коюптур. Туту молдо таң калып бул кандайча үйгө келип калды деп сыр бойдон калат. Абжалга келген аялдар дагы деле кетпей кыйнашат.

– Сен таза жуун, намаз оку, -деп буйрук беришет. Мейли деп суу ысытып душка сууну куяйын дегенде куйдурбай коюшат. Акыры этекте жашаган инисин чакырып келип душка сууну куйдуруп жуунат. Ошондон баштап намаз окуганга аракет кылып, намазды жаттап окуйт. Бирок кээде достор менен намазын бузуп алат. Ичип алганда баягылар келип кыйнай баштай экен.

Көрсө Абжалдын жөлөмөлөрү Туту молдонукунан дагы күчтүү экен. Бул менен мен эмнени айткым келет. Биз адамбыз кудайдын кулубуз, пендесибиз. Ошон үчүн  Кудай көрсөткөн жолдон чыкпай жүрөлү дегеним.

Мына ушинтип бир жыл убакыт өттү. Күздүн суук түшүп калган күндөрүнүн биринде Абжалдын бир досу Россиядан келип калат. Достор болбой ак молдодон уурттатып коюшат. Баягы кыздар келип өтө кыйнашат. Айласы кетип Кош-Дөбөдөгү Төрөмө барып дем салдырып, кайра намазын баштайт. Акыркы күндөрү  аял-кыздар көбөйүп, коркутуп кытыгылап кыйнашат экен. Азыр жеке жарым жүргөндөн корком, анткени бир нерсе кылып койбосун деп жалгыз баспайт.

Азыркы убакта беш убак намазын бузбай окуп, кудайдын жолуна түштү. Жакшы көңүлү сүйгөндөргө дем салып да коёт. Биз анча-мынча көзү ачыкка, кыргызчылыкка ишенбей маани бербейбиз, мунун чындыгы да бар экен десек болот.  

Сонунбубу НАДЫРБАЕВА, Аксы районунун Ак-Суу айылы,

 А. Осмонбеков мектебинин мугалими

WWW

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17