Аймак

КЫРГЫЗСТАНДЫН ТООЛУУ РАЙОНДОРУНДА КАР КӨЧКҮ ЖҮРӨТ

КЫРГЫЗСТАНДЫН ТООЛУУ РАЙОНДОРУНДА КАР КӨЧКҮ ЖҮРӨТ

 759 Бардыгы /

БИШКЕК. Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү жүрүшү толук ыктымал. Бул туурасында Кыргызгидромет борбору эскертет.

Маалыматка таянсак, 2021-жылдын 24-февралынан 26-февралына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 74-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка автоунаа жолунун 68-101-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Арал-Миң-Куш автоунаа жолунун 1-10-чакырымдарында, Каракол-Эңилчек авто унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 64-90-чакырымдарында жана Казарман-Актал-Чат автоунаа жолунун 42-44-чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), 67-93-чакырымдарында (Кара-Гоо ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз дагы тоңот.

Ошондуктан, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл сөзсүз чектелиши абзел!

Алишер ТОКСОНБАЕВ “АЙМАК”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17