Өлкө аймактары менен кубаттуу
ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
2,461 Бардыгы / ТҮШТҮК. USAIDдин “Мыкты азыктануу” долбоору Баткенде жана Жалал-Абадда ата-энелердин жана балдардын ден соолугуна терс таасирин тийгизген тамактануу адаттары боюнча атайын изилдөө өткөрдү. Сурамжылоо маалында эки жашка чейинки балдардын толук кандуу эмес тамактануусу – витамин жана микроэлементтерге бай азыктардын ордуна көбүнчө “зыяндуу азыктардын” колдонулуусу байкалган. Бул изилдөөнүн негизгинде аталган долбоор ата-энелерге жаш балдарды туура тамактандыруу […]
2,462 Бардыгы / ТҮШТҮК. USAIDдин “Мыкты азыктануу” долбоору Баткенде жана Жалал-Абадда ата-энелердин жана балдардын ден соолугуна терс таасирин тийгизген тамактануу адаттары боюнча атайын изилдөө өткөрдү. Сурамжылоо маалында эки жашка чейинки балдардын толук кандуу эмес тамактануусу – витамин жана микроэлементтерге бай азыктардын ордуна көбүнчө “зыяндуу азыктардын” колдонулуусу байкалган. Бул изилдөөнүн негизгинде аталган долбоор ата-энелерге жаш балдарды туура тамактандыруу […]
АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН БАЛДАРДЫН ЧОГУУ ТАМАКТАНУУСУ БӨБӨКТҮН САЛАМАТЧЫЛЫГЫН ЖАКШЫРТЫП, ЗЫЯНДУУ АЗЫКТАРДЫ ЧЕКТЕГЕНГЕ ЖАРДАМДАШАТ
19.03.2021 / Автор aymak

2,463 Бардыгы /
ТҮШТҮК. USAIDдин “Мыкты азыктануу” долбоору Баткенде жана Жалал-Абадда ата-энелердин жана балдардын ден соолугуна терс таасирин тийгизген тамактануу адаттары боюнча атайын изилдөө өткөрдү. Сурамжылоо маалында эки жашка чейинки балдардын толук кандуу эмес тамактануусу – витамин жана микроэлементтерге бай азыктардын ордуна көбүнчө “зыяндуу азыктардын” колдонулуусу байкалган. Бул изилдөөнүн негизгинде аталган долбоор ата-энелерге жаш балдарды туура тамактандыруу боюнча маалымат берүү боюнча туруктуу иш алып барууда.
Жогорудагы сурамжылоого катышкан энелердин 90 пайызга жакыны алардын алты жаштан жыйырма үч айга чейинки балдары акыркы 24 саат ичинде момпосуйлар, таттуу токочтор, газдалган таттуу суусундуктар, чипсы сыяктуу “зыяндуу азыктарды” үзүлтүксүз жегендигин моюндашты. Баса, мындай азыктарды көп урунуу – бул балдардын бою өспөй калышына жана ашыкча салмакка алып келиши дагы толук ыктымал.
USAIDдин “Мыкты азыктануу” долбоору эненин жана баланын ден соолугу чың болуусу үчүн толук кандуу тамактануу, гигиена жана санитария эрежелери боюнча Баткен жана Жалал-Абад облустарында байма-бай маалыматтарды берип жатат. Былтыр долбоор эки миңден ашуун активисттерди тартып, туура тамактануу боюнча окуудан дагы өткөрдү.Окуудан өткөн активисттер 17 миң кожолукка маалымат таратышты. Мындан тышкары жогорудагы изилдөө алты айгачейинки ымыркайлардын жарымы гана жалаң гана эне сүтү менен багылгандыгын6 тастыктады. А Дүйнөлүк саламаттык сактоо Уюму алты айга чеийнки ымыркайлар жалаң гана эне сүтү менен тамактанышы керек деп эсептейт. Анткени, башка азыктар жана суу берүү баланын ден соолугуна зыян алып келиши толук мүмкүн.
- Менин эки балам бар жана мен балдарым эки-үч айлык кезинде эле
суу, же бир аз ботко берүүнү туура көрчүмүн. Мындан ары алты айга чейин бала баардыгын эне сүтүнөн гана ала эми гана тургандыгын билдим, – деп кашкайган чындыкты моюндады Жалал-Абад областынын Бешик-Жон айылынын 22-жаштагы тургуну Айтурма Суркеева.
Баса, Айтурма Суркеева USAIDдин “Мыкты азыктануу” долбоорунун жолугушуусуна бир нече5 ирет катышкан. Жаңы изилдөөгө ылайык, Баткенде алты-жыйырма үч ай курагындагы балдардын 18 гана пайызы минималдуу керектуу азыкты алат экен. Бул жыш балдар сүт азыктары, жер-жемиштер, буурчак өсүмдүктөрү жана жаңгактар, эт азыктары, жумуртка, жашылчалар сыяктуу түрдүү тамак-аштын жардамы менен витаминдерди жана пайдалуу элементтерди ала албайт дегенди билдирет. Жетишсиз тамактануу ымыркайлардын жана балдардын толук кандуу интеллектуалдык жана физикалык өөрчүшүнө дагы тоскоолдук кылат.
USAIDдин “Мыкты азыктануу” долбоору Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы аялдардын жана балдардын тамактануусун жакшыртууга гана багытталган. Долбоор баланын жашоосундагы алгачкы бир миң күнгө – анын кийинки өмүрүнө пайдубал түзгөн, акыл-эси өөрчүп баштаган мезгилге – өзгөчө көңүл бурат. Долбоор калктын арасында толук баалуу тамактануу адатын киргизүүгө жана калыптандырууга умтулат. “Мыкты азыктануу” медициналык кызматкерлердин тамактануу боюнча кеңеш берүү дареметин күчөтүү боюнча дагы туруктуу иш алып барат.
Бул изилдөө USAIDдин “Мыкты азыктануу” долбоору үчүн M-Vector уюму тарабынан 2020-жылдын ноябрь айында өткөрүлдү. Долбоор Баткен жана Жалал-Абад облустарында 2091 эки жашка чейинки балдары бар энелердин арасында сурамжылоо жүргүздү. Ковид-19 таажы илдетинин кырдаалына байланыштуу бардык интервьюлар телефон байланыш аркылуу (CATI) программасында өттү.
Алишер ТОКСОНБАЕВ “АЙМАК”
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
15.07.2025 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНДА ДАГЫ БИР ҮЧ ЭМДИН ҮЙ-БҮЛӨСҮНӨ БАТИР БЕРИЛДИ
-
15.07.2025 / Автор anarkan_kg “АЛТЫН СЕРТИФИКАТКА” ЭЭ БОЛГОН ЖАНА АЛДЫҢКЫ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР СЫЙЛАНДЫ
-
27.02.2025 / Автор anarkan_kg ОКУУЧУЛАРДЫН ПРЕДМЕТТИК ОЛИМПИАДАСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
-
06.03.2025 / Автор anarkan_kg «ЭАУнун СУЛУУСУ – 2025» СЫНАГЫ ӨТТҮ
-
13.03.2025 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗСТАНДЫН 960 АЙЫЛЫНДА ТАЗА СУУ ЖОК!
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.