Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
СООДА-САТЫК
Таш-Булак айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Кеңеш айыл аймагынын өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Бешик-Жон айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Ноокен районунун Сакалды айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүнүн СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Жалал-Абад шаарынын мэриясы СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Сакалды айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Момбеков айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Аксы районунун Кашка-Суу айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Сайдыкум айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Жаңы-Жол айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
КАНТ ШААРЫНЫН АЙРЫМ РАЙОНДОРУНДА ЖАРАТЫЛЫШ ГАЗЫ ӨЧҮРҮЛӨТ
КРдин ӨКМ алдындагы “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад облустук СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Жалал-Абад шаардык мэриясы СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
КООМДУК КАБЫЛДАМА

ООГАН КАЧКЫНДАРЫНЫН БАЛДАРЫ ОКУГАН ТАЖИКСТАНДАГЫ ЖАЛГЫЗ МЕКТЕП ЖАБЫЛЫП КАЛУУ КОРКУНУЧУНДА

ООГАН КАЧКЫНДАРЫНЫН БАЛДАРЫ ОКУГАН ТАЖИКСТАНДАГЫ ЖАЛГЫЗ МЕКТЕП ЖАБЫЛЫП КАЛУУ КОРКУНУЧУНДА

 78 Бардыгы /

Кабулда бийлик алмашкандан кийин ооган качкындарынын балдары билим алган Тажикстандагы жалгыз мектеп жабылып калуу коркунучуна кептелди. Бул тууралуу аталган мектептин директорунун орун басары Миржамил Фахризода билдирди.

Анын айтымында, ооган качкындарынын балдары билим алган “Сомониён” мектебин каржылоо Ооганстанда “Талибан” кыймылы бийликке келгенден кийин токтоп калган.

“Сомониён” мектеби жеке имаратта жайгашкан. Анын бир айлык ижара акысы 2,5 миң долларды түзөт. Ооганстандагы жаңы бийлик каржылоону токтоткондон кийин мектеп жетекчилиги бир айлык окуу акысын убактылуу 100 сомониден 150 сомониге ($9-$13) жогорулатууну чечкен.
“Мектепти каржылоо маселеси Ооганстандын бийлиги менен чечилиши керек. Эгер Кабул каржылоодон баш тартса, Ооганстандын Душанбедеги элчилиги ооган ишкерлерине жардам сурап кайрылат. Биз оптимисттик маанайдабыз. Окуу акысынын жогорулашын убактылуу чара деп ойлойм. Менимче, мектеп жаралган кыйынчылыктарга карабастан ишин улантат”, деди Фахризода.

Өткөн жумада Ооганстандын Тажикстандагы элчиси Мухаммад Захир Агбар аталган мектептин жабылып калуусуна жол бербөө үчүн дипломаттар бардык аракеттерди көрө турганын билдирген.

Мектеп 2000-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Жогорку комиссарынын качкындар иштери боюнча башкармалыгынын жардамы менен ачылган. Бүгүнкү күндө анда 420 бала билим алууда. Кабулда бийликке талибдер келгенден кийин өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон ооганстандыктардын эсебинен быйылкы окуу жылында мектептеги окуучулардын саны көбөйгөн.

“Сомониён” мектебинде 30 мугалим иштейт. Алардын айлыктары 700-900 сомонини ($60-$80) түзөт. Коммуналдык кызматтар жана мугалимдердин эмгек акылары ата-энелердин каражатынын эсебинен төлөнөт.

Ооган качкындарынын балдары кириллица тамгаларын тааныбагандыктан, мектепте араб ариби колдонулат.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17