Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНДУК САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
ЖАЛАЛ-АБАД АЙМАКТЫК АВТОТРАНСПОРТ БАШКАРМАЛЫГЫ ЭСКЕРТЕТ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ (II)
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кулактандыруу
Жалал-Абад областтык автотранспорт башкармалыгы. ТҮЗӨТҮҮ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
Жалал-Абад ОИИБи бош кызмат орундарына СЫНАК жарыялайт

НЬЮ-ЙОРКТО БЕРДЫМУХАМЕДОВДУН РЕЖИМИНЕ КАРШЫ НААРАЗЫЛЫК АКЦИЯЛАР ӨТҮҮДӨ

НЬЮ-ЙОРКТО БЕРДЫМУХАМЕДОВДУН РЕЖИМИНЕ КАРШЫ НААРАЗЫЛЫК АКЦИЯЛАР ӨТҮҮДӨ

 441 Бардыгы /

Түркмөнстандагы саясий режимди сындап жүргөн активисттер эл аралык коомчулуктун көңүлүн өлкөдөгү көйгөйлөргө буруу максатында чет мамлекеттерде кезектеги нааразылык акцияларын башташты.

28-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Нью-Йорктогу кеңсесинин алдында башталган акция 29-сентябрда БУУнун Женевадагы кеңсесинин жанында уланды.

Акция катышуучулары эл аралык коомчулукту Түркмөнстанда коронавирус жайылып жатканына көңүл бурууга чакырып, вирустан көптөгөн адамдар өлүп жатканына карабастан, түркмөн бийлиги өлкөдө COVID-19 жуктургандар жок экенин билдирип келатканын белгилешти.

“Түркмөнстандагы адамдар жардамга муктаж, алар коронавирустан өлүп жатышат. Бизди эч ким укпай жатат. Түркмөнстанга жардам бергилечи!” – деди митингде сүйлөгөн уюштуруучулардын бири Лейла Музапберова.

Чогулгандар чек аралардын жабылышын айыптаган, демократиялык өзгөрүүлөрдү жана президент Гурбангулы Бердымухамедовдун отставкасын талап кылган ураандарды кыйкырышты. Мындан тышкары алар эл аралык коомчулукту Түркмөнстандагы адам укуктарынын бузулушуна жана абийир туткундарынын оор абалына көңүл бурууга, ошондой эле Түркмөнстанды эл аралык милдеттенмелерин аткартуу үчүн чараларды көрүүгө, анын ичинде санкцияларды киргизүүгө жана түркмөн президентинин үй-бүлө мүчөлөрүнүн эсептерин камакка алууга чакырышты.

Түркмөн активисттеринин БУУ имаратынын алдындагы акциясы 29-сентябрда Женевада уланды. “Түркмөнстандын демократиялык тандоосу” партиясынын лидери Мырат Гурбанов БУУнун европалык бюросунун алдында да нааразылык акциясын өткөрдү.

Уюштуруучулардын айтымында, түркмөнстандыктардын АКШдагы нааразылык акциясы 30-сентябрга чейин уланат. Алар Түркмөнстандын Нью-Йорк шаарындагы элчилигинин жана Түркиянын Вашингтондогу дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн алдында, ошондой эле Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Вашингтондогу имаратынын жанында пикеттерди өткөрүүнү пландап жатышат.

Экономикалык каатчылыктан, жумушсуздуктан жана баалардын жогорулашынан кыйналган жүз миңдеген түркмөнстандык иш издеп чет өлкөлөргө чыгып кеткен. Апта башында Түркияда жүргөн ондогон түркмөн активисти басымга жана коркутууларга кабылып жатканы кабарланган.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17