Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
СООДА-САТЫК
Таш-Булак айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Кеңеш айыл аймагынын өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Бешик-Жон айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Ноокен районунун Сакалды айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүнүн СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Жалал-Абад шаарынын мэриясы СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Сакалды айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Момбеков айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Аксы районунун Кашка-Суу айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Сайдыкум айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Жаңы-Жол айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
КАНТ ШААРЫНЫН АЙРЫМ РАЙОНДОРУНДА ЖАРАТЫЛЫШ ГАЗЫ ӨЧҮРҮЛӨТ
КРдин ӨКМ алдындагы “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад облустук СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Жалал-Абад шаардык мэриясы СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
КООМДУК КАБЫЛДАМА

КАЗАКСТАНДА “АБУ-ДАБИ ПЛАЗА” ОБЪЕКТИСИНДЕ ИШТЕП ЖАТКАН ЖУМУШЧУЛАР НААРАЗЫЛЫККА ЧЫГЫШТЫ

КАЗАКСТАНДА “АБУ-ДАБИ ПЛАЗА” ОБЪЕКТИСИНДЕ ИШТЕП ЖАТКАН ЖУМУШЧУЛАР НААРАЗЫЛЫККА ЧЫГЫШТЫ

 18 Бардыгы /

13-октябрда Нур-Султандагы “Абу-Даби Плаза” борборунун ички жумуштарына жооптуу WMG компаниясынын ондогон жумушчусу нааразылыкка чыкты.

Алар иш берүүчү маянаны кечиктирип жатканын айтышты. Мындан тышкары пенсиялык төлөмдөр өз убагында фондго түшпөй жатканына даттанышты.

“Айлыкты кечиктирип жатышат. Пенсия төлөмдөрү фондго түшпөгөнүнө алты ай болду. Биз ушул маселелерди көтөрүү үчүн чогулдук. Айлыктан 22 пайыз кармалат, бирок аларды андан ары которушпайт. Ооруканага барсак кабыл алышпайт”, – деди Жанарбек Марат аттуу жумушчулардын бири.

Алардын айтымында, адатта маяна ар айдын 10-күнүнө чейин берилет, бирок өткөн айда 15 күнгө чейин кармашкан.

Жумушчулар иштеген жери суук экенин, аларды атайын кийим менен камсыздабай жатканын да белгилешти.

Бир нече убакыт өткөндөн кийин жумушчулар менен компаниянын өкүлү жолугуп, маяна 15-октябрга чейин берилерин айтты. Ал пенсиялык төлөмдөр да которулуп жатканын, бирин-экин учурлар болушу ыктымал экенин билдирди.

Эмгек инспектору Максат Дуйсенов нааразы жумушчуларга даттанууларын кагаз түрүндө тапшырууну өтүндү.

“Абу-Даби Плаза” курулушу 2009-жылы башталган. Бул долбоор үчүн Казакстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосунда өкмөт аралык атайын келишим түзүлгөн.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17