Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
943 Бардыгы / БИШКЕК. Бүгүн, 13-октябрда Бишкек шаарында 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарынын шайлоосуна катышып жаткан «Эл Үмүтү” социалдык-саясийпартиясынын курултайы болуп өттү. Курултайга партиянын аймактардагы өкүлдөрү жана коомдук-саясий ишмерлер ардактуу коноккатары чакырылып,“Эл Үмүтү” социалдык-саясий партиясы өзүнүн программасын жана талапкерлердин тизмесин бекитти. Ошондой эле чакырылган коноктор партиянын түзүлүү тарыхы, анын курамы менен жакындан таанышып, кеңири маалымат […]
944 Бардыгы / БИШКЕК. Бүгүн, 13-октябрда Бишкек шаарында 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарынын шайлоосуна катышып жаткан «Эл Үмүтү” социалдык-саясийпартиясынын курултайы болуп өттү. Курултайга партиянын аймактардагы өкүлдөрү жана коомдук-саясий ишмерлер ардактуу коноккатары чакырылып,“Эл Үмүтү” социалдык-саясий партиясы өзүнүн программасын жана талапкерлердин тизмесин бекитти. Ошондой эле чакырылган коноктор партиянын түзүлүү тарыхы, анын курамы менен жакындан таанышып, кеңири маалымат […]
“ЭЛ ҮМҮТҮ” СОЦИАЛ-САЯСИЙ ПАРТИЯСЫ КУРУЛТАЙЫН ӨТКӨРДҮ
13.10.2021 / Автор anarkan_kg945 Бардыгы /
БИШКЕК. Бүгүн, 13-октябрда Бишкек шаарында 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарынын шайлоосуна катышып жаткан «Эл Үмүтү” социалдык-саясийпартиясынын курултайы болуп өттү.
Курултайга партиянын аймактардагы өкүлдөрү жана коомдук-саясий ишмерлер ардактуу коноккатары чакырылып,“Эл Үмүтү” социалдык-саясий партиясы өзүнүн программасын жана талапкерлердин тизмесин бекитти. Ошондой эле чакырылган коноктор партиянын түзүлүү тарыхы, анын курамы менен жакындан таанышып, кеңири маалымат ала алышты.
Партия лидери Аскар Алмаз уулу курултайдын катышуучуларына ыраазычылык билдирип, алдыдагы шайлоого элдин үмүтү, өлкөнүн жаркын келечеги, жарандардын жаркын жашоосу, жаңылануу үчүн бара жатканын айтып:“Азыр биздин өлкө чоң өзгөрүүлөрдүн чегинде турат. Бул жерде бардык аймактан келген талапкерлер отурат. Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосу биз үчүн анчалык деле кыйынчылыктыжараткан эмес. Ал эми Жогорку Кеңеш – чоң саясий арена. Биздин катарыбызда Кыргызстандын жети дубанынан келгенэр жүрөк жаш улан-кыздар баржана биз элибиз, өлкөбүз үчүн жаркын келечек куруу үчүн бирге кадам таштадык. Биз парламентке атак-даңк, байлык топтоо үчүн эмес, өлкөнүн, элибиздин жакшы жашоосун камсыздоого салым кошуу, өзүбүздүн мекен алдындагы атуулдук парзыбызды ак ниеттүүлүк менен аткаруу максатында бара жатабыз. Биздин курам карапайым элден куралган.Жана да биздин моюнубузга миллиондогон кыргызстандыктардын, жаштардын ишеними жүктөлдү. Бул баарынан баалуу. Биз сиздердин үмүтүңүздөрдү, ишенимиңиздерди аткарууга бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. Мен сиздерин араңыздарда болгондугума абдан сыймыктанам. Кудай буюрса, жеңиш биздики болот. Биз программабызды, платформабызды ишке ашырабыз. Эл үмүтү аракетте!” – деп баса белгиледи
Курамын жалаң жаш жана таза адамдар түзгөн партиянын парламенттик шайлоого аттануусу, бул кыргыз саясатындагы жаңылануунун желаргысы жүрүп жатканынынын белгиси экенин айткан белгилүү коомдукжана саясий ишмер, курултайдын ардактуу коногу Медеткан Шеримкулов буларды кошумчалады: “Кыргызстанда жаштар революцияга гана колдонулуп келген. Бул өтө өкүнүчтүү көрүнүш. Жаңылануу баардык жерде болушу керек. Ошонун сыңарындай эле, кыргыз саясаты да эртедир-кечтир жаңыланып, жаш муун келет. Ал жаштар – силерсиңер! Ары татаал, ары жоопкерчиликтүү кадамыңарды ийгилик коштоп, эл үмүтү акталсын. Бул шайлоодо эл өзүнүн жаш, жигердүү уул-кыздарын колдоп, сиздер мыйзамдуу түрдө парламентке келесиздер деп ишенем. Эң башкысы өлкөгө пайда келтирүү үчүн сиз сабаттуу болуп, мекенчилдик сезим жүрөгүңүздө ойноп, өз элиңизди сүйүшүңүз керек! Кыргызстандан башка мекенибиз жок!”
“Элдин баа жеткис ишенимин актоо – бул чоң жүк. Өзүбүз үлгү болуп, депутаттык наамга карата элдин жийиркеничин эмес,сыйлоосуна татыктуу кылышыбыз керек. Мен элдин бейпил жашоосу үчүн күрөшүү керек экенин абдан жакшы түшүнүп турам. Мамлекетибизге зыян келтиргендер менен өзүбүздү тобокелдикке салып күрөшүшүбүз керек. Артка кылчайбастан, алдыга умтулуубуз зарыл. Жаш муундун жана өлкөбүздүн жаркын келечегин биз гана түзүп бере алабыз!” – деген партиянын дагы бир жигердүү мүчөсү, активист Болот Ибрагимов шайлоого баруу чечими оңойго турбагандыгын айтты.
“Эл Үмүтү” социал-саясий партиясы өзүнүн талапкерлерин онлайн праймериз аркылуу тандап алды. Партияга талапкер болуп кирүү үчүн жалпы 229 адам primarieskg.org сайтына анкета толтуруп, катышуу ниетин билдирген. Бул катышуучуларга 5000ден ашык адам добуш берип, алдыңкы сапка чыккан катышуучулар талапкер катары катталды. Эрежеге ылайык, калган катышуучулар партияга мүчө болуп киргизилди. Ал эми, онлайн праймеризде одоно ыкмаларды колдонуу мененкөбүрөөк добуш топтоого аракеттенишкен 14 талапкер тизмеден четтетилген.
Кошумча маалымат: “Эл Үмүтү” партиясынын негизги мүчөлөрү 2021-жылдын апрелинде өткөрүлгөн Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосуна “Биздин Эл” партиясы менен катышкан. Шайлоонун жыйынтыгында Бишкек шаардык кеңештен 8 мандатка ээ болгон. Ал шайлоодо да шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлер праймериз аркылуу аныкталган.Бирок, БШК шайлоодо мыйзам бузулду деген кине менен шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, кайра добуш берүүнү жарыялаган. “Биздин Эл” партиясы кайра шайлоого катышуудан баш тартып, Аскар Алмаз уулу баштаган активдүү жаштарпарламенттик шайлоого даярдануу чечимин кабыл алышкан. Ушул жылдын август айында Аскар Алмаз уулу жаңы “Эл Үмүтү” коомдук-саясий партиясын каттоодон өткөргөн.
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
-
08.05.2024 / Автор anarkan_kg КПК ИШКАНАСЫ САФИН ГАФФАНДЫН ҮЙ-БҮЛӨСҮНӨ АКЧАЛАЙ КОЛДОО КӨРСӨТТҮ
-
08.05.2024 / Автор anarkan_kg ООГАН СОГУШУНУН АРДАГЕРЛЕРИ СЫЙЛАНДЫ
-
08.05.2024 / Автор anarkan_kg ШААРДА КООПТУУ АЙМАКТА ЖАШАГАНДАРДЫ КӨЧҮРҮҮ БОЮНЧА МАШЫГУУ ӨТТҮ
-
03.04.2024 / Автор anarkan_kg Объявляет тендер на оказание услуг
-
09.04.2024 / Автор anarkan_kg МАЛ УУРУЛУК МЕНЕН АЛЕКТЕНГЕН ТОП КАРМАЛДЫ
-
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.