Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
7,909 Бардыгы / Тилектештик” партиясынын төрагасы Төлөгөн КЕЛДИБАЕВ 28-ноябрдагы Жогорку Кеңеш шайлоосунда №10-Куршап бир мандаттуу округунан депутаттыкка ат салышты. Дасыккан мамлекеттик жана коомдук ишмер кабарчыбызга курган маегинде аталган саясий таймашта Кыргызстан демократиялык нуктан биротоло тайыгандыгын, парламентке жалаң байлар жана юридикалык жактан сабатсыздар келишкендигин жашырган жок. -Төлөгөн мырза, Кыргызстандагы 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодон кийинки коомдук-саясий акыбалды Сиз деги […]
7,910 Бардыгы / Тилектештик” партиясынын төрагасы Төлөгөн КЕЛДИБАЕВ 28-ноябрдагы Жогорку Кеңеш шайлоосунда №10-Куршап бир мандаттуу округунан депутаттыкка ат салышты. Дасыккан мамлекеттик жана коомдук ишмер кабарчыбызга курган маегинде аталган саясий таймашта Кыргызстан демократиялык нуктан биротоло тайыгандыгын, парламентке жалаң байлар жана юридикалык жактан сабатсыздар келишкендигин жашырган жок. -Төлөгөн мырза, Кыргызстандагы 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодон кийинки коомдук-саясий акыбалды Сиз деги […]
ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ДЕПУТАТТЫГЫНА ТАЛАПКЕР ТӨЛӨГӨН КЕЛДИБАЕВ: “КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЭКОНОМИКАЛЫК КРИЗИСКЕ КАРАГАНДА, САЯСИЙ КРИЗИС АБДАН ОПУРТАЛДУУ!”
03.12.2021 / Автор anarkan_kg

7,911 Бардыгы /
Тилектештик” партиясынын төрагасы Төлөгөн КЕЛДИБАЕВ 28-ноябрдагы Жогорку Кеңеш шайлоосунда №10-Куршап бир мандаттуу округунан депутаттыкка ат салышты. Дасыккан мамлекеттик жана коомдук ишмер кабарчыбызга курган маегинде аталган саясий таймашта Кыргызстан демократиялык нуктан биротоло тайыгандыгын, парламентке жалаң байлар жана юридикалык жактан сабатсыздар келишкендигин жашырган жок.
-Төлөгөн мырза, Кыргызстандагы 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодон кийинки коомдук-саясий акыбалды Сиз деги кандайча баалар элеңиз?
-Ошентип, Кыргызстан демократиялык багыттагы өнүгүүсүн мындан ары дагы ырааттуу түрдө уланта берээри биротоло бышыкталды. Мындан тышкары өлкөбүздө уюштуруу жыйынынан алыс чыга албаган, шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу гана шашылыш түзүлө калышкан саясий партиялар дагыле бар. Муну 28-ноябрдагы парламенттик шайлоо дагы чындап ырастабадыбы. Жолбашчылары өлкөбүздө саясий салмагы дегеле жок адамдардын партиялары Жогорку Кеңеш шайлоосунда өлкөбүздөгү байлардын топтоп жеңишке жетиши, чынында, күмөн гана жаратат.
Бул партиялардын лидерлери менен шайлоого бирге баргандарды топтоп, аларды кимдер мажбурлап шайлоого катыштырды, карапайым калк бардыгын бизден жакшы билет. Өлкөбүздөгү экономикалык, анан калса кадрдык кризиске моминтип парламенттик шайлоонун жыйынтыгы дагы кошул-ташыл болуп олтурат. Кыргызстандагы бүгүнкү экономикалык кризиске караганда, саясий кризис абдан опурталдуу!
-Өзүңүз деле бир мандаттуу №10-Куршап шайлоо округунан Жогорку Кеңеш депутаттыгына ат салышпадыңызбы? 28-ноябрда деле адаттагыдай административдик ресурстар байма-бай колдонулуп, шайлоочуларга мурагыдай эле акчалар таратылгандыр?
-Менимче, бул шайлоо өтө эле кымбат шайлоо болду. Мындайча айтканда, 28-ноябрда шайлоо эле эмес добуштарды сатуу аукциону жер-жерлерде абдан катуу жүрдү. Кыргызстандагы эң бай деген адамдар гана аукциондон жеңип, мындайча айтканда, утуп чыгышты. Мындай ашкере ыплас оюндар үчүн бир ай бою Шайлоо Кодекси таптакыр иштеген жок! А бийлик каалаган талапкерлерге күч органдары дагы дегеле көңүл бөлгөн жок. Жаңыдан куралчу Кыргыз парламентине депутаттардын басымдуулугу добуштарды сатып алып келишкендигин коомчулук, а түгүл бийлик өзү деле жакшы билет. Мындайча айтканда, саясий күрөшкө аттанышкандар ушуну алдын ала билип турушуп, мыйзамсыз аракеттердин баарын тең бүт колдонушпадыбы. Ошондуктан, дал ушундай мыйзамсыз жорук-жосундарды токтотууга Кыргыз бийлиги эч кызыкдар эместигин алдыртадан аңдап, мен дагы шайлоо маалында килтейген баннерлерди илдиртүүдөн, үгүт автоунааларын ары-бери жүргүзүүдөн караманча баш тарттым.
-Сиздин баамыңызда, оппозициялык маанайдагы төрт партиянын “Азаттык”, “Ата Мекен”, “Улуттар биримдиги” жана “Эл үмүтү” партияларынын Жогорку Кеңешке бири дагы өтпөй калуусун эмнелер шарттады?
-Шайлоо – добуш берүүнүн жардамы аркасында мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын түзүү ыкмасы. Жарандардын өзүнүн тандап алуу укугун жүзөгө ашыруусу мамлекетти башкарууга катышуусунун эң маанилүү көрүнүшүнүн бири болуп саналат.
Тилекке каршы, бул сапар баардыгы тең акчага азгырылышты жана куру убадаларга куп алданышты. Эми беш жыл бою мунун азабын шайлоочулар – катардагы жарандар өздөрү эле тартышат.
-Төлөгөн мырза, дегеле бүгүнкү коомдук-саясий кризистен – туңгуюктан жол табуунун, андан ары кутулуунун дагыле аргасы бардыр?
-Жашырып не. Борборубуз Бишкектеги коомдук-саясий акыбал дагыле курч бойдон турат. Бул маанайды мындан ары басаңдатуу максатында БШКнын курамы толук бойдон отставкага айдалсын! Ошондой эле Санариптештирүүнү өнүктүрүү министри Дастанбек Догоев баштаган 28-нобярдагы мыйзамсыз шайлоонун жыйынтыгына түздөн-түз күнөөлүү кишилер толугу менен кызматтарынан бошотулуп, андан ары жоопкерчиликке дагы тартылышы кажет! Мунсуз Кыргызстанда дегеле стабилдүүлүк орнобойт!
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
11.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖКККББ: БЕШ АЙДЫ ЖЫЙЫНТЫКТОО БОЮНЧА ЫКЧАМ КЕҢЕШМЕ ӨТКӨРҮЛДҮ
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg АКСЫДА ЖАЙКЫ ТУРИСТТИК СЕЗОН САЛТАНАТТУУ АЧЫЛДЫ
-
01.07.2024 / Автор anarkan_kg АРАВАН РАЙОНДУК СУУ ЧАРБАСЫ БАШКАРМАЛЫГЫ ЗАМАНБАП БАССЕЙНГЕ МУКТАЖ!
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.