Аймак

АЛИЯ НАЗАРБАЕВА МЕНЕН БАЙЛАНЫШЫ БАР КОМПАНИЯ УТИЛИЗАЦИЯЛЫК АЛЫМДАРДЫ ЖЫЙНОО УКУГУНАН АЖЫРАДЫ

АЛИЯ НАЗАРБАЕВА МЕНЕН БАЙЛАНЫШЫ БАР КОМПАНИЯ УТИЛИЗАЦИЯЛЫК АЛЫМДАРДЫ ЖЫЙНОО УКУГУНАН АЖЫРАДЫ

 240 Бардыгы /

“Оператор РОП” компаниясы утилизация төлөмдөрүн жыйноо укугунан ажырады. Бул тууралуу 19-январда казак өкмөтүнүн сайты кабарлады.

Маалыматта “Оператор РОП” утилизациялык төлөмдөрдү башкарууну токтоткону, утилизациялык алымдардын эсебинен түзүлгөн активдер мамлекеттин менчигине өткөрүлгөнү айтылат.

Компаниянын милдетин мындан ары мамлекеттик “Жасыл даму” ишканасы аткарат.

Өткөн аптада Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев “Оператор РОП” компаниясын сынга алып, аны жабууну талап кылган. Бул ишкананы өлкөнүн туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин кенже кызы Алия Назарбаева менен байланыштырып келишет.

Буга чейин бийлик “Оператор РОП” компаниясына акыркы беш жылда 691,9 млрд теңге (азыркы курс боюнча дээрлик 1,6 миллиард доллар) каражат түшкөнүн кабарлаган.

Казакстанда мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин бийлиги алсырап, азыркы президент Касым-Жомарт Токаевдин таасири артты деген божомолдор күчөгөн маалда мурдагы мамлекет башчынын жакындары кызматтарынан алынып, өлкөдөн чыгып кетип жатканы айтылууда.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17