Аймак

МИЛИЦИЯ ТОГУЗ-ТОРОДОГУ КАР КӨЧКҮ ТҮШКӨН АЙМАКТА КЫЗМАТ ӨТӨӨДӨ

МИЛИЦИЯ ТОГУЗ-ТОРОДОГУ КАР КӨЧКҮ ТҮШКӨН АЙМАКТА КЫЗМАТ ӨТӨӨДӨ

 1,185 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. 2022-жылдын 14-февралында Балыкчы-Жалал-Абад автоунаа жолунун 334 жана 340-чакырымдарына чоң көлөмдөгү кар көчкү түшүп, жол куруп жаткан ишканага тиешелүү жол тазалоочу техникаларды айдоочулары менен кошо басып калган.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, азыркы учурда кар көчкүнүн астында калган 44, 43, 35 жаштагы 3 кытай жана 24 жаштагы 1 кыргыз жаранын издөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Кар көчкү түшкөн аймакка чейин тоннелдин түштүк тарабына пост уюштурулуп, 10 милиция кызматкери нөөмөт менен кызмат өтөшүүдө. Пост аркылуу атайын техникалар, куткаруучулар жана ыктыярдуу элдик кошуундан бөтөн адамдардын тоннель тарапка өтүүсүнө бөгөт коюлган. Кар көчкү түшкөн аймакка өтүүнү каалаган жарандарга жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле милиция кызматкерлери жол куруп жаткан кытай жарандарынын коопсуздугун камсыз кылышууда.

Азыркы учурда кар көчкү астында калган жарандарды издөө иштери улантылууда.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17