Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,957 Бардыгы / Орусиядагы Delivery Club деп аталган тамак-аш жана азык-түлүк жеткирүү кызматында иштеген ондогон борборазиялык мигрант бир жумадан бери маянанын төмөндөтүлүшүнө каршы нааразылык билдирүүдө. Алардын айтымында, буга чейин жөө иштеген курьер бир жолку жеткирип берүү үчүн 120 рублден жана кардарга чейинки ар бир чакырым үчүн 40 рублден кошумча акы алып келишкен. Бирок 21-апрелден тарта аларга […]
1,958 Бардыгы / Орусиядагы Delivery Club деп аталган тамак-аш жана азык-түлүк жеткирүү кызматында иштеген ондогон борборазиялык мигрант бир жумадан бери маянанын төмөндөтүлүшүнө каршы нааразылык билдирүүдө. Алардын айтымында, буга чейин жөө иштеген курьер бир жолку жеткирип берүү үчүн 120 рублден жана кардарга чейинки ар бир чакырым үчүн 40 рублден кошумча акы алып келишкен. Бирок 21-апрелден тарта аларга […]
ОРУСИЯДАГЫ МИГРАНТТАР АЙЛЫКТАРЫ АЗАЙЫП, ИШ ОРУНДАРЫ КЫСКАРЫП ЖАТКАНЫНА ДАТТАНУУДА
28.04.2022 / Автор anarkan_kg

1,959 Бардыгы /
Орусиядагы Delivery Club деп аталган тамак-аш жана азык-түлүк жеткирүү кызматында иштеген ондогон борборазиялык мигрант бир жумадан бери маянанын төмөндөтүлүшүнө каршы нааразылык билдирүүдө.
Алардын айтымында, буга чейин жөө иштеген курьер бир жолку жеткирип берүү үчүн 120 рублден жана кардарга чейинки ар бир чакырым үчүн 40 рублден кошумча акы алып келишкен. Бирок 21-апрелден тарта аларга бир жеткирип берүү үчүн 90 рублден, ар бир чакырым үчүн 20 рублден төлөнө баштаган. Мындан улам курьер болуп иштеген мигранттар бир нече күндөн бери ишке чыкпай жатышканын айтууда.
“Азыр Орусия, деги эле дүйнө жүзү кандай оор күндөрдү башынан кечирип жатканын түшүнүп турабыз. Бирок биз акы төлөөнүн мурдагы схемасын кайтарууну каалайбыз”, – деди акция катышуучуларынын бири.
Өз кезегинде Delivery Club кызматынын өкүлдөрү эч кандай иш таштоону байкашпаганын, курьерлердин саны планга ылайык экенин билдирүүдө. “Курьерлер үчүн тариф өзгөргөн жок. Мурдагы тариф эки бөлүктөн турчу: заказды жеткирип берүү үчүн жана курьердин кардарга чейин басып өткөн ар бир чакырымы үчүн төлөнчү. Азыркы схема үч бөлүктөн туруп, ресторанга чейинки аралыкка өзүнчө, заказды аткаруу үчүн өзүнчө жана кардарга чейинки басып өткөн аралыкка өзүнчө акы төлөнөт”, – деди компаниянын өкүлү.
Орусиядагы тажикстандык укук коргоочу Мухаммаджон Собировдун айтымында, акыркы эки айдан бери айлыктары азайганына, маяна өз убагында төлөнбөй жатканына жана жумуштагы кыскартууларга даттанган эмгек мигранттары көбөйдү.
Бахриддин аттуу тажикстандык мигрант Орусиянын Украинага каршы аскердик агрессиясы башталгандан бери эки жолу жумушун алмаштырууга аргасыз болгонун билдирди. “Көп жылдан бери курулушта иштейм. Эки айдын ичинде эки объектини алмаштырдым. Бардык жерде эле акча аз болуп жатканын айтышууда. Адатта курулуш тармагында январь жана февраль айларында эле жумуш табуу оор болчу. Бирок бизге азыр да жакшыраак жумуш табылбай жатат”, – деди ал.
Үч баланын атасы Бахриддин акыркы эки айдын ичинде Тажикстандагы үй-бүлөсүнө болгону 5 миң рубль гана жөнөткөнүн кошумчалады. “Жумуштун жоктугуна, иш орундарынын кыскартылышына байланыштуу айрым тааныштарым кайра Тажикстанга кетишти”, – деди ал.
Былтыр жыл соңунда Орусиянын Ички иштер министрлиги бул өлкөдө иштеп жүргөн тажикстандыктардын саны 2 миллион 25 миңди түзөрүн билдирген. Ага чейин тажик бийлиги Орусиядагы Тажикстандын жарандары 1 миллионго жетпей турганын айткан.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
01.02.2025 / Автор anarkan_kg ӨРТ КЫРСЫГЫ БИР ҮЙДҮ ЖАЛМАДЫ
-
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.