Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кулактандыруу
Жалал-Абад областтык автотранспорт башкармалыгы. ТҮЗӨТҮҮ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
Жалал-Абад ОИИБи бош кызмат орундарына СЫНАК жарыялайт
НООКЕН РАЙОНДУК ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮНУН ТОКТОМДОРУ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
Сынак Сайдыкум айыл өкмөтү
Судебный департамент объявляет конкурс
КУЛАКТАНДЫРУУ (Мугалимдер керек)
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
СООДА-САТЫК
Таш-Булак айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ

НАМАНГАН СОТУ МУКТАЖДАРГА ҮЙ КУРУП БЕРҮҮ МЕНЕН АЛЕКТЕНГЕН КАЙРЫМДУУЛУК ФОНДУН ЖАПТЫ

НАМАНГАН СОТУ МУКТАЖДАРГА ҮЙ КУРУП БЕРҮҮ МЕНЕН АЛЕКТЕНГЕН КАЙРЫМДУУЛУК ФОНДУН ЖАПТЫ

 411 Бардыгы /

20-майда жарандык иштер боюнча Наманган облустук соту “Саховат” кайрымдуулук фондун жабуу тууралуу чечим чыгарды.

Мындан тышкары сот фонддун мүлкүн мамлекеттин пайдасына алуу маселесин чечүүнү Юстиция министрлигине жүктөдү.

Фонд өз ишмердүүлүгүн пропагандалоодо диний материалдарды мыйзамсыз пайдаланган, кайрымдуулук каражаттарын өзүнүн эсебине толук которгон эмес жана муктаж үй-бүлөлөр үчүн “Саховат-сити” турак жай комплексин тиешелүү документтерсиз кура баштаган деп айыпталган.

“Озодлик” радиосу өз булактарына таянып кабарлагандай, өткөн айда Юстиция министрлигинин Наманган облустук башкармалыгы фонддун ишмердүүлүгү боюнча келген даттануулардын негизинде текшерүү жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында фондго 21 миллион 600 миң сум (2 миң АКШ долларына жакын) өлчөмүндө айып пул салынып, келтирилген каталарды оңдоого 1 айлык убакыт берилген.

Өз ишмердүүлүгүн эки жыл мурда баштаган “Саховат” кайрымдуулук фондун Юстиция министрлигинин Наманган облустук башкармалыгы каттоого алган.

Фонддун Telegram-каналындагы маалыматка ылайык, эки жыл аралыгында фонд 700гө жакын жакыр үй-бүлөнү өз камкордугуна алып, аларды апта сайын азык-түлүк менен камсыздап келген; 1500дөн ашык жетим балага жардам берген; багуучусун жоготкон үй-бүлөлөргө 132 батирлүү үйдүн курулушун баштап, 24 батир муктаж үй-бүлөлөргө берилген.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17