Аймак

БАТКЕНДИ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ МААЛЫНДА АК-САЙДА ҮЙ КУРГАН ИШКЕР КАРМАЛДЫ

БАТКЕНДИ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ МААЛЫНДА АК-САЙДА ҮЙ КУРГАН ИШКЕР КАРМАЛДЫ

 3,660 Бардыгы /

БАТКЕН. Баткен облусуна караштуу Баткен районунун Ак-Сай айылында калыбына келтирилип жаткан үйлөрдүн курулуш материалдарынын акчасын бербей, «Ишкерлерди алдап, ири өлчөмдө чыгым келтирген»деген шек менен Лейлек районунун 56 жаштагы тургуну акыры кармалды. Бул фактыны Баткен облустук милициянын басма сөз кызматынан дагы ырасташты.  

          Маалыматка караганда, Д.К. аттуу жаран Бишкек шаарында качып жүргөн жеринен кармалды. Милицияга арыз менен Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын тургуну кайрылган. Ал ири суммада чыгым алып келген кишиге чара көрүүнү суранган. Кылмышка шек саналып кармалган киши Ак-Сайда 57 үйдү курмай болгон. Январь, февраль айларында мурда товар алып, акчасын кайтарып жүргөн мамилесинен пайдаланып, Баткен районундагы темир материалдарын иштетүүчү цехтен жалпы суммасы 1 миллион 295 миң сомдук курулуш материалдарын алып, айтылган убакытта акчасын бербестен, байланышка чыкпай, андан ары качып кеткен. Аталган факт боюнча тергөө кызматы 16-майда Кылмыш-Жаза Кодексинин «Алдамчылык»  беренеси менен иш козгоп, издөө жарыялаган. Бул кылмыш ички иштер министри Улан Ниязбековдун жеке көзөмөлүнө алынган эле.

          Баса, Баткенде 2022-жылы күзүндө Кыргыз-Тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта кыйраган үйлөрдү куруу үчүн «Аманат Строй Инвест» жалдаган айрым компаниялар жергиликтүү ишкерлердин акчасын бербей убара кылып жаткандыгы аныкталган. Бул маселе Жогорку Кеңеште дагы бир нече жолу көтөрүлүп, тендерди уткан компанияны жоопко тартуу маселеси катуу көтөрүлгөн.

          Айтмакчы, Баткендеги Достук жана Капчыгай айылдарында үй салган эки компания ишкерлердин 20 миллиондон ашык сомун бере электиги жар салынган. Талкаланган 420 үйдүн курулушу өткөн айда араң толук аяктады. Ички иштер министрлиги узаган айда Баткен облусундагы чек ара жаңжалында талкаланган турак жайларды калыбына келтирүү ишине катышкан «Келечек ЛТД» курулуш компаниясынын өкүлү кармалгандыгын, ал эми «Алмалы-Доор Курулуш» ишканасынын жетекчисине издөө салынгандыгын жарыялаган.

          Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17