Аймак

КЫРГЫЗСТАНДА 20, 50 ЖАНА 100 СОМ НОМИНАЛЫНДАГЫ ЖАҢЫ БАНКНОТАЛАР ЖҮГҮРТҮҮГӨ КИРГИЗИЛДИ

КЫРГЫЗСТАНДА 20, 50 ЖАНА 100 СОМ НОМИНАЛЫНДАГЫ ЖАҢЫ БАНКНОТАЛАР ЖҮГҮРТҮҮГӨ КИРГИЗИЛДИ

 1,812 Бардыгы /

БИШКЕК. Бүгүн 15-февраль күндөн тарта Кыргызстанда 20, 50 жана 100 сом номиналындагы жаңы банкноталар жүгүртүүгө киргизилди. Бул тууралуу Улуттук банктан маалымдалды.

«Улуттук валютанын жаңы сериясындагы банкноттордун негизги сюжеттеринин багыты  Кыргызстандын тарыхый-маданий мурасын чагылдыруу  өзгөртүүсүз калтырылды. Алдыңкы бетинде искусство жана маданият өкүлдөрүнүн портреттери сакталды, ал эми арткы бетинде республиканын ажайып кооз жерлери чагылдырылган. Банкноттордун негизги түсү жана өлчөмү өзгөртүүсүз калтырылды. Кыргызстандын жаңы банкноттору жасалма жол менен акча чыгаруудан талаптагыдай коргоону камсыз кылган, заманбап коргоо элементтеринин үч деңгээлден турган комплексин камтыйт.  

Улуттук валютанын бардык банкноттору Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөө каражаты статусуна ээ жана чыгарылган жылына карабастан, төлөө каражаты катары милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш»,- деп айтылат маалыматта. 

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17