Аймак

ЭАУда “УЛУТТУК НАРКТУУЛУК, ИДЕНТТҮҮЛҮК ЖАНА АДАМ БААЛУУЛУКТАРЫ” АТТУУ ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТКӨРҮЛДҮ

ЭАУда “УЛУТТУК НАРКТУУЛУК, ИДЕНТТҮҮЛҮК ЖАНА АДАМ БААЛУУЛУКТАРЫ” АТТУУ ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТКӨРҮЛДҮ

 318 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университте (ЭАУ, Жалал-Абад шаары) “Улуттук нарктуулук, иденттүүлүк жана адам баалуулуктары” аттуу илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы билдиргендей, бул конференциянын өткөрүлүшү  Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун 2022-жылдын 30-августундагы ПЖ №303 “2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны бекитүү тууралуу” жарлыгына ылайык иш-чаралар алкагында демилгеленген. Конференцияга Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин, Казак улуттук искусство университетинин, Азербайжан мамлекеттик университетинин, Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин, Заманбап эл аралык университетинин, Ош мамлекеттик университетинин, Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин, Баткен мамлекеттик университетинин, К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин, Талас мамлекеттик университетинин илимпоздору жана адистери катышышты. Конференциянын ардактуу катышуучуларынын, меймандарынын тизмесинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Т. Сыргабаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Э.А. Ормоков жана Кыргызстан калкы ассамблеясынын Жалал-Абад областындагы төрагасы К.А. Тилекеев, о.э. бир катар уюм-мекемелердин жетекчилери болду.

Конференцияда “Тил жана адабият жаатында улуттук нарктуулук менен улуттук баалуулуктарды чагылдыруу”, “Жаштарга адеп-ахлактык тарбия берүүнүн этнопедагогикалык негиздери”, “Кыргызстан археологиясы, этнографиясы жана тарыхы учурдагы изилдөөлөрдө”, “Санариптештирүү алкагында улуттук экономиканы өнүктүрүү”, “Улуттук баалуулуктар жана адам укуктары”, “Учурдагы илим жана билим берүүнүн актуалдуу маселелери”, “Саламаттыкты сактоо тутумундагы улуттук артыкчылыктар” аттуу секциялар боюнча илимий отурумдар болуп, жалпысынан 250 катышуучу катталды. Конференцияда аталган темада, айтылган секцияларда  көптөгөн көйгөйлүү маселелер каралып, бул багытта бир катар иш-аракеттер, аларды жүзөгө ашыруу жолдору сунушталды.

Жалпысынан конференция өзүнүн максатына жетип, каралган маселелер абдан мазмундуу, көп багыттуу болду. Конференциянын материалдары “К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин жарчысы” аттуу илимий-популярдык журналында чыгарылмакчы.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17